08:40 04 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Өспүрүмдөрдү өлүмгө "жетелеген" оюн (11)
227012

Борбор калаанын Чүй проспектисинде жайгашкан үйгө белуха кити жана балакайдын сүрөтү тартылган.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бишкек ШИИБдин кызматкерлери Чүй проспекти менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдө тартылган белуха китинин сүрөтү боюнча териштирүү баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.

Граффити на улице Бишкека. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Чүй проспекти менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдө тартылган белуха китинин сүрөтү

Ага ылайык, милиция кызматкерлери аталган жерге барып, ким тарткандыгын сураштырган.

"Милиция кызматкерлери учурда аталган сүрөттүн социалдык тармакта жүрүп жаткан "Синий кит" оюнуна тиешеси бар жогун текшерүүдө. Авторлор милицияга чакырылып, сүрөт эмнени түшүндүрөөрүн, ким уруксат бергендигин айтып беришет", — деп айтылат маалыматта.

Аталган сүрөттү тарткан DOXA арт-тобунун башчысы Сергей Келлер сүрөттүн социалдык тармактагы оюнга тиешеси жок экендигин айтып, ал эки жыл мурун тартылгандыгын, маңызы туризмди жайылтуу экендигин кошумчалады.

Буга чейин кыргызстандык өспүрүмдөр социалдык тармактар аркылуу "морекитов", "тихий дом", явигре" жана "разбудименяв420" хэштегдери менен бөлүшө баштаганы айтылган. Ал эми Россиянын укук коргоо органдары өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салып жатышына аталган хэштегдердин тиешеси бар экенин божомолдоп жатат. 

Тема:
Өспүрүмдөрдү өлүмгө "жетелеген" оюн (11)

Тема боюнча

Бишкектин Чыгыш-5 аймагынан окуучу 5-кабаттан секирип кетти
Мектеп директорлоруна "өлүм" топтору тууралуу маалымат берилди
Белгилер:
суицид, кит, милиция

ЭҢ МААНИЛҮҮ