Өспүрүмдөрдү өлүмгө "жетелеген" топтор Кыргызстанга жетти. Энелердин эси чыгууда

© AP Photo / Darko VojinovicДетский центр ухода в Белграде
Детский центр ухода в Белграде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармакта өздөрүн "Өлүм тобу" деп атаган топтун айынан Россияда өз өмүрүнө кол салган 15 учур катталган. Эми бул "оюнга" кыргызстандык жаштар дагы кызыгууда.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Instagram социалдык тармагындагы "Молодые мамочки" баракчасынын администратору Асема аттуу айым Кыргызстандын жаштары дагы мындай жүрөк үшүн алган нерсеге кызыгып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Буга чейин РИА Новости агенттиги Россияда социалдык тармактарда өспүрүмдөрдү өлүмгө үндөгөн топтор өтө популярдуу болуп баштаганын жазган. Мисалы мындай чакырыктагы хэштег менен бир күндө "ВКонтакте" социалдык тармагында төрт миңдей билдирүү жарыяланган. Россияда расмий түрдө өз өмүрүнө кол салган 15 учур катталган. О дүйнө салгандар түрдүү "өлүм топторуна" мүчө болушкан.

"Ушундай кырдаал Кыргызстанда дагы пайда болгонун мага биздин баракчага жазылган таанышым билдирди. "Море китов", "тихий дом", "хочу в игру", "разбуди меня в 4.20" хэштеги менен билдирүүлөрдү кыргызстандык жаштар дагы бөлүшүүдө. Бир сөз менен айтканда бул оюн экен. Оюнга катышпагандар кийинкилерге тапшырма берип, алар өз өмүрүнө кол салууга чейин барышат", — деди Асема.

© Sputnik / Табылды КадырбековInstagram социалдык тармагындагынан тартылган сүрөт
Instagram социалдык тармагындагынан тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
1/3
Instagram социалдык тармагындагынан тартылган сүрөт
© Sputnik / Табылды КадырбековInstagram социалдык тармагындагынан тартылган сүрөт
Instagram социалдык тармагындагынан тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
2/3
Instagram социалдык тармагындагынан тартылган сүрөт
© Sputnik / Табылды КадырбековInstagram социалдык тармагындагынан тартылган сүрөт
Instagram социалдык тармагындагынан тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
3/3
Instagram социалдык тармагындагынан тартылган сүрөт
1/3
Instagram социалдык тармагындагынан тартылган сүрөт
2/3
Instagram социалдык тармагындагынан тартылган сүрөт
3/3
Instagram социалдык тармагындагынан тартылган сүрөт

Ал ошондой эле, "Молодые мамочки" баракчасына жазылган энелер мындайды укканда жүрөктөрү түшүп, балдарынын телефондорун текшерип баштаганын кошумчалады.

Ал ортодо Instagram тармагында жогорудагыдай хэштег менен билдирүү жазгандар көп экенин жана алар бул оюнду ойноого даяр экенин Асема кошумчалады. Колдонуучулардын бирөө бөлүшкөн эрежелерге караганда, оюн 50 күнгө чейин созулат.

Внимание!!!@Regrann from @molodye_mamochki_kg — @Regrann from @mrs_mokhova — Я не могла пройти мимо.. Это очередной бред. Управление массовым сознанием. Перейдите по хаштэгам #морекитов #тихийдом #явигре #хочувигру #4.20 #разбудименяв420 #млечныйпуть Люди, какая-то шайка решила, что она может управлять жизнями подротсков? Помните себя в 13-15 лет? Время сложное, не спорю, первая любовь, какие-то драмы, переживания. Так вот. В этот момент человек морально ослабевает. Если он попадает под чье-то влияние — это серьёзно. Перейдите по хэштэгам и вы будете в шоке. Все эти дети попали под влияние "авторитета". Игры. Чтобы быть в игре, они пишут эти хаштэги. На них выходит человек. Начинает высылать им задания. День ото дня. 50 дней, 50 заданий, последнее — суицид. Более 30 детей с начала года уже ушли.. Россия, Казахстан….. Родители подростков, будьте авторитетами для своих детей, целуйте их каждый день, обнимайте, слушайте их переживания, водите на каток. Что угодно. Лишь бы не нашлось места для этой игры в их жизни. Расскажите всем знакомым. Пусть проверят соц сети своих детей-подростков. Подозрительные переписки, хаштэги, странные фото, 4.20, недосып, странные рисунки (киты, единороги, бабочки) — #regrann

Фото опубликовано Интернет Магазин. (@madame_coco_kg) Янв 29 2017 в 8:01 PST

"50-күндө оюн бүтөт. Эгер сен өлсөң — жеңишке жетесиң. Өлбөй калсаң сага жардам беришет", — деп колдонуучу оюндун эрежеси менен бөлүшкөн.

"Тихий дом" хэштеги менен бөлүшкөн Instagram колдонуучуларынын бири менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы байланышка чыгып, анын постунун маңызына кызыгып көрдү. 

"Мен тамашалап эле жазып койгом. Бирок айрым кыргызстандык кыздардын жазган постторуна караганда, суицид жасоого чындап эле белсенип алышкан", — деди колдонуучу.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги аларга "өлүм топтору" жөнүндө өлкө аймагынан билдирүү келе электигин белгилешип, укук коргоо органдары тарабынан окуянын чоо-жайы иликтенерин айтышты.

Өспүрүмдөрдүн жүрүм-туруму боюнча Кыргызстандын психологдор ассоциациясынын президенти Михаил Мунькин ата-энелерге бир нече кеңештерди берди.

"Айрым өспүрүмдөр чындап эле өз өмүрүнө кол салуу боюнча ойлонушу мүмкүн. Мындай балдар депрессияда болот. Алар бирөөгө куса болуп, капаланып жүрүшү ыктымал. Мындай абалга кабылган балдар сабактарына жетишпей, начар окушат", — деди Мунькин.

Психолог мындай балдардын ата-энелерине балдары менен сүйлөшүүнү сунуштайт. Жумуштан, акча табуудан тышкары балага да көңүл буруу керектигин эскертет.

Баланы колунан кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соцтармакта баласынын жылаңач сүрөтү менен акча табууну сунуштагандар болууда
"Алгач ата-эне өз милдетин аткаруусу керек. Бала ичинде эмне болуп жатканын сизге айтуудан коркпошу керек. Көпчүлүк учурда ата-энелер балдарын жемелеп, жакшы менен жаман эмне экенин түшүндүрүп баштайт. Бала эмне жаман, эмне жакшы экенин жакшы билет. Ага кайталап айтуунун кажети жок. Алар кыйналып турган учурда сиздин колдооңуз керек. Ага көңүл бурулбаса ал башка жактан колдоо издеп баштайт. Жогоруда сөз болгон топтордон алар колдоо таптым деп ойлоп, азгырылып кетиши мүмкүн", — деди психолог.

Мунькин эгер баланын өзүнө кол салуу тууралуу оюн билип калсаңыз адистерге же үй-бүлөлүк психотерапевттерге кайрылуу керектигин белгиледи.

Ал эми Россиядагы айрым колдонуучулар балдар мындай топтордун таасирине тушукканын билүү үчүн айрым сунуштар менен бөлүшө башташты.

  • Эгер балаңыз баракчасын сизге дагы көрсөтпөй катса, эмнеге андай кылып жатканын акырын суроо керек.
  • Эгер сүрөткө түшкөндө балаңыз бетин колу менен же кийими менен жаап, сөөмөйүн көрсөтүп жатса, ал суицид тууралуу ойлоп жатышы мүмкүн.
  • Эгер балаңыз баракчасына колу, буту тытылган сүрөттөрдү коюп, аларды бөлүшүп жатса шектенүүгө негиз бар.
  • Андан сырткары жогору жакты көздөй жылып бараткан медуза, мышык, көпөлөк же киттин сүрөттөрүн койсо этият болуңуз.
  • Балаңыз жаман чөйрөгө туш болуп калды деп шектенсеңиз анын жакын арада пайда болгон "шектүү" досторуна көз салыңыз.
  • Өлүм темасына арналган Сергей Есенин жана Иосиф Бродскийдин ырларын көп бөлүшсө да абайлаңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0