16:06 28 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Камакка алынган аял. Архивдик сүрөт

Ош: мас болуп милициянын чекесин жара тепкен ырчы кыз үй камагына чыгарылды

© Sputnik / Виталий Белоусов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
90410

Милициянын буйругуна баш ийбеген айдоочу Ош шаарынын Алиев кѳчѳсүнөн токтотулуп, унааны мас абалдагы аял киши айдап келе жатканы аныкталган.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Мас абалында милиция кызматкеринин чекесин жара тепкен ырчы кыз үй камагына чыгарылганын Ош ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык сот бүгүн ырчы кыздын баш коргоо чарасын карап, үч камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Эскерте кетсек, 13-январга караган түнү саат 02.10дор чамасында Ош шаарынын Кайгуул милициясы шаардын Масалиев жана Абдыкадыров кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде Honda Accord үлгүсүндѳгү автомашинаны алыскы чырактарын жандырып келе жаткан учурда токтотууга аракет жасаган. 

Милициянын буйругуна баш ийбеген айдоочу Ош шаарынын Алиев кѳчѳсүнөн токтотулуп, унааны мас абалдагы аял киши айдап келе жатканы аныкталган. Кыз документтерин бербей, ар кандай уят сѳздѳрдү сүйлѳп, визиткасын гана көрсөткөн. Ѳзүн туулган күндөн келе жатканын айтып, "ОшТВ" телеканалынын кабарчысы, "эл тааныган ырчы" катары тааныштыргандан кийин азыр коё бербесе тааныштарына айтып "кѳргүлүктү кѳрсѳтѳрүн" айткан. 

Документтерди кѳрсѳтүүнү талап кылган милиция кызматкерине каршылык кѳрсѳтүп, эшикти ачып, арткы орундукка көтөрүп отургузуу маалында шиш такасы менен бетке тээп жиберген. 

Кызматкердин кашы жарылып, медициналык жардам үчүн кайрылган.

Тема боюнча

Ош: мас абалындагы ырчы айым такасы менен милициянын чекесин жара тепти
Белгилер:
милиция, шиш така, кыз-келиндер, Ош