00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Стоп-кадр
Бир кумар — миң кесепет! “КУМАР” — чындыкка сокку берген драма!
17:08
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Структура личности
Сибирская аграрная наука и Кыргызстан — совместные лаборатории и технологии для АПК
18:08
32 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россиянын Екатеринбург шаарына иш сапары менен барат. Сапардын алкагында Адылбек Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрүп, “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышат.
Кыргызстан 2030-жылга карата жашоо узактыгы 75 жашка жакындаган өлкөлөрдүн катарына кошулушу керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев медицина кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктаган билдирүүсүндө айтканын маалымат кызматы кабарлады. Өкмөт башчынын айтымында, 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасында жарандардын жашоо узактыгын жогорулатуу милдети коюлган. "Ден соолук адамдын негизги укугу, үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин бакубат жашоосу үчүн башкы баалуулук деген принципти бекем карманабыз. 2030-жылга карата жашоо узактыгы 75 жашка жакындаган өлкөлөрдүн катарына кошулуубуз керек", — деген минкаб башчысы. Ал мындай көрсөткүчкө жетүүдө дарыгерлердин салымы өтө чоң экенин белгилеп, медиктерге ийгилик каалады. Эскерте кетсек, ушу тапта Кыргызстанда адамдардын жашоо узактыгы орточо 72 жашты түзөт.
Бишкек шаардык транспорт ишканасы рейд жүргүзүп, жол кирени накталай акча алган автобус айдоочусун жумуштан алынганын билдирди. "Айдоочуларга накталай төлөмдү кабыл алууга тыюу салынган. Мындай факт аныкталган учурда айдоочулар кызматынан бошотулат", — деп эскертет ишкана. Мэриянын эскертүүсүнө ылайык, 1-июлдан тарта автобустарда накталай төлөмдөр таптакыр кабыл алынбайт. Жол кирени карта же QR-код аркылуу гана төлөө керек.
Социалдык фонд пенсия курагына жеткендерге жана майыптыгы бар жарандарга пенсия дайындоо процессин толугу менен өзгөртө турган жаңы системаны ишке киргизүүгө даярданууда. Эми жарандарга маалым каттарды чогултуунун жана Соцфонддун бөлүмдөрүнө баруунун кажети жок. Система эмгек стажы жана кирешелер тууралуу маалыматтарды өзү топтоп, төлөмдөрдүн өлчөмүн эсептейт жана пенсияны автоматтык түрдө тариздейт. Пенсия курагына жетүүгө туура бир ай калганда кыргызстандыктардын "Түндүк" тиркемесиндеги жеке кабинетине Соцфонддон билдирүү келет, аны ачып, пенсия ала турган банкты гана тандоо керек болот.
АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Иранга алардын каза болгон руханий лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатып алышы үчүн "бир жумалык тыныгуу" бергенин айтууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Алар абалды жөнгө салууга абдан кызыкдар, ошондуктан сүйлөшүүгө умтулуп жатат. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу аларга бир жума убакыт бердик, бул биздин адамгерчилигибиз", — деген Трамп Түштүк Дакотадагы митингде айткан сөзүндө. АКШ лидери сүйлөшүүлөрдө бир апталык тыныгуу жарыяланганын так айткан жок, бирок мындай билдирүүсүн Вашингтон менен Тегерандын дискуссиясынын тегерегинде болуп жаткан сөзүндө кыйытып өттү. Ирандын мурдагы рухний лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3-июлда, чет элдик коноктор, саясатчылар жана коомдук ишмерлердин катышуусундагы иш-чаралар менен башталган. Анын негизги бөлүгү 4-июлдан 9-июлга чейин Ирандын бир катар шаарларында өтөт. Хаменеинин сөөгү өзү туулуп, өскөн Мешхед шаарына күмүлөөрү айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0