https://sputnik.kg/20260705/1102241720.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Социалдык тармактарда Чоң Чүй каналындагы (ЧЧК) суу нугунан чыга тургандай болуп жээкке жетип калган видео тарап, бул боюнча ӨКМдин Бишкек боюнча башкармалыгы... 05.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-05T11:00+0600
2026-07-05T11:00+0600
2026-07-05T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/05/1102241554_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5d0db148993e458b94da0a61d85fcb4c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Социалдык тармактарда Чоң Чүй каналындагы (ЧЧК) суу нугунан чыга тургандай болуп жээкке жетип калган видео тарап, бул боюнча ӨКМдин Бишкек боюнча башкармалыгы кырдаалды көзөмөлдөп турушканын айтышты. "Азыр байкап, көзөмөлдөп турабыз. Эгерде абал өзгөрүп баратса, дароо чара көрүүгө күчтөр жана каражаттар даяр", — дешкен башкармалыктан. Мындан сырткары Чүй суу чарба башкармалыгы күнү-түнү аталган каналдагы суунун деңгээлин көзөмөлдөп турганын кошумчалашты. Башкармалыктан Бишкектин төрт району боюнча ыкчам топтор түзүлгөндүгүн, алар кооптуу делген аймактарга тынымсыз мониторинг жүргүзүп тургандыктарын белгилешкен.
Бишкекте "Манас" эл аралык аэропортуна барчу Васильевский тракт көчөсүн реконструкциялоо иштери уланууда. Мэриядан маалымдашкандай, бүгүн, 5-июлдан тартып реконструкциялоо иштеринин үчүнчү этабы башталат. Мында Комсомольская көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки жалпы узундугу 7 чакырым болгон тилкеде иштер жүрөт. Жол оңдоо иштери убагында көчө толугу менен жабылбайт. Унаа кыймылы үчүн жолдун бир тарабы ачык болот.
Россия менен АКШнын президенттери Владимир Путин жана Дональд Трамп телефондон сүйлөшүп, баарлашуу 1,5 саатка созулду. Бул тууралуу РФ лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин РИА Новости жазды. Жыл башынан бери өлкө башчылары төрт ирет пикир алышкан. Акыркысы америка тараптын демилгеси менен ишке ашканы айтылды. Алгач Путин Трампты жана жалпы америка элин АКШнын күнү менен куттуктап, Россиянын америкалык мамлекеттүүлүгүнүн түптөөгө кошкон салымын белгиледи. Путин Трампка Константиновканын бошотулушуна басым жасоо менен атайын аскердик операция жүрүп жаткан аймактагы абал тууралуу маалымат берип, россиялык армия үстөмдүк кылып жатканына токтолду; РФ лидери украин жаңжалын саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салууга ыктай турганын, бирок Россиянын негизги кызыкчылыгы эске алынышы зарыл экенин белгиледи; Уиткофф менен Кушнер Украина боюнча ортомчулук милдеттерин улантат; Трамп РФ менен АКШнын экономикалык кызматташуусун толук кандуу жандатыш үчүн украин жаңжалын болушунча эртерээк бүтүрүү зарыл экенин айтты; Путин АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү эки тарапка тең пайдалуу натыйжа берерине ишеним артып, Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди; Путин менен Трамп эки державанын аскердик-саясий жана экономикалык байланышын улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Украиналык олигарх Вадим Ермолаев жабыркаган Монакодогу жардыруу Европага берилген эскертүү, эми Европа муну менен эсептешүүгө аргасыз болот. Бул туурасында РФ ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник РИА Новостиге билдирди. "Украинага көнүмүш адат болгон нерселер эми Европа мамлекеттерине жайылып жатат. Бул — Европа өлкөлөрүнө жасалган эскертүү. Эми аларга өздөрү бапестеп өстүрүп алган Киев бийлиги менен эсептеше турган күн келет", — деген элчи. Монакодогу жардыруу дүйшөмбү күнү кечинде болгон. Бийликтин маалыматына ылайык, анда эркек киши, аял жана бала жабыркаган. Башкы прокурор Стефан Тибо окуя теракт катары каралбай турганын билдирген. ЖМКлардын маалыматына таянсак, жабыркагандардын бири олигарх Ермолаев болгон. Тергөө ишкерге кол салуунун артында Украинанын Куралдуу күчтөрү турат деп билдирүүдө.
Социалдык тармактарда Чоң Чүй каналындагы (ЧЧК) суу нугунан чыга тургандай болуп жээкке жетип калган видео тарап, бул боюнча ӨКМдин Бишкек боюнча башкармалыгы кырдаалды көзөмөлдөп турушканын айтышты. "Азыр байкап, көзөмөлдөп турабыз. Эгерде абал өзгөрүп баратса, дароо чара көрүүгө күчтөр жана каражаттар даяр", — дешкен башкармалыктан. Мындан сырткары Чүй суу чарба башкармалыгы күнү-түнү аталган каналдагы суунун деңгээлин көзөмөлдөп турганын кошумчалашты. Башкармалыктан Бишкектин төрт району боюнча ыкчам топтор түзүлгөндүгүн, алар кооптуу делген аймактарга тынымсыз мониторинг жүргүзүп тургандыктарын белгилешкен. Бишкекте "Манас" эл аралык аэропортуна барчу Васильевский тракт көчөсүн реконструкциялоо иштери уланууда. Мэриядан маалымдашкандай, бүгүн, 5-июлдан тартып реконструкциялоо иштеринин үчүнчү этабы башталат. Мында Комсомольская көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки жалпы узундугу 7 чакырым болгон тилкеде иштер жүрөт. Жол оңдоо иштери убагында көчө толугу менен жабылбайт. Унаа кыймылы үчүн жолдун бир тарабы ачык болот. Россия менен АКШнын президенттери Владимир Путин жана Дональд Трамп телефондон сүйлөшүп, баарлашуу 1,5 саатка созулду. Бул тууралуу РФ лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин РИА Новости жазды. Жыл башынан бери өлкө башчылары төрт ирет пикир алышкан. Акыркысы америка тараптын демилгеси менен ишке ашканы айтылды. Алгач Путин Трампты жана жалпы америка элин АКШнын күнү менен куттуктап, Россиянын америкалык мамлекеттүүлүгүнүн түптөөгө кошкон салымын белгиледи. Путин Трампка Константиновканын бошотулушуна басым жасоо менен атайын аскердик операция жүрүп жаткан аймактагы абал тууралуу маалымат берип, россиялык армия үстөмдүк кылып жатканына токтолду; РФ лидери украин жаңжалын саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салууга ыктай турганын, бирок Россиянын негизги кызыкчылыгы эске алынышы зарыл экенин белгиледи; Уиткофф менен Кушнер Украина боюнча ортомчулук милдеттерин улантат; Трамп РФ менен АКШнын экономикалык кызматташуусун толук кандуу жандатыш үчүн украин жаңжалын болушунча эртерээк бүтүрүү зарыл экенин айтты; Путин АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү эки тарапка тең пайдалуу натыйжа берерине ишеним артып, Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди; Путин менен Трамп эки державанын аскердик-саясий жана экономикалык байланышын улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.Украиналык олигарх Вадим Ермолаев жабыркаган Монакодогу жардыруу Европага берилген эскертүү, эми Европа муну менен эсептешүүгө аргасыз болот. Бул туурасында РФ ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник РИА Новостиге билдирди. "Украинага көнүмүш адат болгон нерселер эми Европа мамлекеттерине жайылып жатат. Бул — Европа өлкөлөрүнө жасалган эскертүү. Эми аларга өздөрү бапестеп өстүрүп алган Киев бийлиги менен эсептеше турган күн келет", — деген элчи. Монакодогу жардыруу дүйшөмбү күнү кечинде болгон. Бийликтин маалыматына ылайык, анда эркек киши, аял жана бала жабыркаган. Башкы прокурор Стефан Тибо окуя теракт катары каралбай турганын билдирген. ЖМКлардын маалыматына таянсак, жабыркагандардын бири олигарх Ермолаев болгон. Тергөө ишкерге кол салуунун артында Украинанын Куралдуу күчтөрү турат деп билдирүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/05/1102241554_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_51a639536c5f6a4e844488d0fb150546.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио