https://sputnik.kg/20260706/1102251490.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ишкерлерди текшерүү тартиби азыркыдан да катаалдашы мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу демилгелеген мыйзам долбоору коомдук... 06.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-06T08:59+0600
2026-07-06T08:59+0600
2026-07-06T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/06/1102251324_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c87bcb4218e173237fbf939653c86ef6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ишкерлерди текшерүү тартиби азыркыдан да катаалдашы мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документке ылайык, бардык текшерүүлөр мындан ары "Бирдиктүү электрондук текшерүү реестри" аркылуу гана жүргүзүлөт. Реестрге киргизилбеген текшерүүлөр мыйзамсыз деп эсептелип, эч кандай укуктук күчкө ээ болбойт. Ишкер киргизбей койгонго акылуу. Ошондой эле бардык текшерүү боди-камера менен жүргүзүлүшү керек болот. Процесстер аудио жана видеоформатта жазылып, электрондук базага киргизилет. Текшерүү жүргүзгөн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги да күчөтүлүп, мыйзамсыз текшерүү үчүн инспектор жеке жоопкерчилик тартат. Эгер сот текшерүүнү мыйзамсыз деп тапса, ишкерге келтирилген чыгымды адегенде мамлекет төлөп берет, андан соң мамлекет акчаны күнөөлүү кызматкерден өндүрүп алат. Мындан тышкары, текшерүүлөр тобокелдиктерди баалоо системасынын негизинде жүргүзүлүп, кооптуу ишканаларга көбүрөөк көңүл бурулат.
Өлкөнү күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн чет өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов “Биринчи радиодогу” маегинде билдирди. Анын айтымында, товардын сапаты, баасы, логистика боюнча маселелер каралууда. “Учурда бизге сунушталган баа ар түрдүү. Бирок май кымбат болгон күндө да биздин рынокто болушу шарт. Өкмөттүн чечими менен субсидиялоо маселеси каралган. Нефтетрейдерлер өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн баадан жогору алып келсе, өкмөт нефтетрейдерлерге субсидиялап берет. Буга атайын каражат каралган”, – деди Керимов. Маалым болгондой, өлкө боюнча баага күн сайын мониторинг жүргүзүлүп турат. Негизсиз жогорулатуулар болсо айып пулга жыгылат.
Акыйкатчы институту ири дүкөндөрдүн ээлерине майыптыгы бар адамдардын жана улгайгандардын колунан чыккан продукцияларды коюп сатчу социалдык бурчтарды түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайт. Бул тууралуу Омбудсмендин маалымат кызматы билдирүү таратты. "Көптөгөн социалдык стационарларда жашагандар андагы ийримдер жана чыгармачыл устаканаларда сувенирлерди, бир катар буюмдарды колдо жасашат. Эрмектеп, алаксып буюмдарды жасоо аларга ишинин майнабын көрүүгө жана кошумча киреше алууга жардам берет. Бирок буюмдардын жакшы сапатта экендигине карабастан сатууга жер жок болуп, кардарларды дайыма эле таба беришпейт", — деп айтылган анда. Институт ишкерлер бул демилгени колдоп, калктын аялуу катмарынын социалдык-экономикалык укуктарын камсыздоого колдоо көрсөтсө сөз болуп жаткан адамдарды коомдук турмушка интеграциялоого да салым кошорун белгилеген.
"Манас" аэропортуна кеткен жолду оңдоонун үчүнчү этабы башталганын мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, бул этапта Комсомол көчөсүнөн Чоң Чүй каналына (БЧК) чейинки 7 чакырымдык жолго асфальт басылат. "23-26-июнь күндөрү жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жол реконструкцияланды. 27-июндан 4-июлга чейин Фучик көчөсүнөн аэропортко чейинки жол жасалды. Элге ыңгайсыз болбош үчүн жумуш маалында жо
Кыргызстанда ишкерлерди текшерүү тартиби азыркыдан да катаалдашы мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документке ылайык, бардык текшерүүлөр мындан ары "Бирдиктүү электрондук текшерүү реестри" аркылуу гана жүргүзүлөт. Реестрге киргизилбеген текшерүүлөр мыйзамсыз деп эсептелип, эч кандай укуктук күчкө ээ болбойт. Ишкер киргизбей койгонго акылуу. Ошондой эле бардык текшерүү боди-камера менен жүргүзүлүшү керек болот. Процесстер аудио жана видеоформатта жазылып, электрондук базага киргизилет. Текшерүү жүргүзгөн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги да күчөтүлүп, мыйзамсыз текшерүү үчүн инспектор жеке жоопкерчилик тартат. Эгер сот текшерүүнү мыйзамсыз деп тапса, ишкерге келтирилген чыгымды адегенде мамлекет төлөп берет, андан соң мамлекет акчаны күнөөлүү кызматкерден өндүрүп алат. Мындан тышкары, текшерүүлөр тобокелдиктерди баалоо системасынын негизинде жүргүзүлүп, кооптуу ишканаларга көбүрөөк көңүл бурулат.Өлкөнү күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн чет өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов “Биринчи радиодогу” маегинде билдирди. Анын айтымында, товардын сапаты, баасы, логистика боюнча маселелер каралууда. “Учурда бизге сунушталган баа ар түрдүү. Бирок май кымбат болгон күндө да биздин рынокто болушу шарт. Өкмөттүн чечими менен субсидиялоо маселеси каралган. Нефтетрейдерлер өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн баадан жогору алып келсе, өкмөт нефтетрейдерлерге субсидиялап берет. Буга атайын каражат каралган”, – деди Керимов. Маалым болгондой, өлкө боюнча баага күн сайын мониторинг жүргүзүлүп турат. Негизсиз жогорулатуулар болсо айып пулга жыгылат.Акыйкатчы институту ири дүкөндөрдүн ээлерине майыптыгы бар адамдардын жана улгайгандардын колунан чыккан продукцияларды коюп сатчу социалдык бурчтарды түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайт. Бул тууралуу Омбудсмендин маалымат кызматы билдирүү таратты. "Көптөгөн социалдык стационарларда жашагандар андагы ийримдер жана чыгармачыл устаканаларда сувенирлерди, бир катар буюмдарды колдо жасашат. Эрмектеп, алаксып буюмдарды жасоо аларга ишинин майнабын көрүүгө жана кошумча киреше алууга жардам берет. Бирок буюмдардын жакшы сапатта экендигине карабастан сатууга жер жок болуп, кардарларды дайыма эле таба беришпейт", — деп айтылган анда. Институт ишкерлер бул демилгени колдоп, калктын аялуу катмарынын социалдык-экономикалык укуктарын камсыздоого колдоо көрсөтсө сөз болуп жаткан адамдарды коомдук турмушка интеграциялоого да салым кошорун белгилеген. "Манас" аэропортуна кеткен жолду оңдоонун үчүнчү этабы башталганын мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, бул этапта Комсомол көчөсүнөн Чоң Чүй каналына (БЧК) чейинки 7 чакырымдык жолго асфальт басылат. "23-26-июнь күндөрү жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жол реконструкцияланды. 27-июндан 4-июлга чейин Фучик көчөсүнөн аэропортко чейинки жол жасалды. Элге ыңгайсыз болбош үчүн жумуш маалында жо
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/06/1102251324_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5e90937c80c17d05f3529b4474194b17.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио