Ош: мас абалындагы ырчы айым такасы менен милициянын чекесин жара тепти

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүФГУП "Фирма Мелодия"
ФГУП Фирма Мелодия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документтерди кѳрсѳтүүнү талап кылган милиция кызматкерине каршылык кѳрсѳткөн кыз эшикти ачкан учурда шиш такасы менен бетке тээп жиберген.

ОШ, 13-янв. — Sputnik. Ош шаарында ырчы кыз мас абалында унаа айдап кармалып, такасы менен милициянын кашын жара тепти. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. 

Маалыматка ылайык, 13-январга караган түнү саат 02.10дор чамасында Ош шаарынын Кайгуул милициясы шаардын Масалиев жана Абдыкадыров кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде Honda Accord үлгүсүндѳгү автомашинаны алыскы чырактарын жандырып келе жаткан учурда токтотууга аракет жасаган. 

"Айдоочу милициянын буйругуна баш ийбестен качкан. Аны атайын маалымдама аркылуу Ош шаарынын Алиев кѳчѳсүнөн токтоткон учурда ал мас абалдагы аял киши экени аныкталган. Документтерин бербей, ар кандай уят сѳздѳрдү сүйлѳп, визиткасын гана берген. Ѳзүн туулган күндөн келе жатканын айтып, "ОшТВ" телеканалынын кабарчысы, "эл тааныган ырчы" А.Ж. катары тааныштыргандан кийин азыр коё бербесе тааныштарына айтып "кѳргүлүктү кѳрсѳтѳрүн" айткан. Документтерди кѳрсѳтүүнү талап кылган милиция кызматкерине каршылык кѳрсѳтүп, эшикти ачкан учурда шиш такасы менен бетке тээп жиберген. Кызматкердин кашы жарылып, медициналык жардам үчүн кайрылган", — деди Сыдыков.

Случаи женской драки - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте аялдар чачташкан эки учур катталды
Учурда бул ырчы кыздын үстүнѳн Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Сыдыков алдын ала алынган ыкчам маалыматтар боюнча кармалган кыздын "ОшТВ" телеканалында иштебегендиги аныкталганын кошумчалады. Ошондой эле атайын дайындалган экспертиза кыздын мас абалда экендигин тастыктап берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0