00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Стоп-кадр
Бир кумар — миң кесепет! “КУМАР” — чындыкка сокку берген драма!
17:11
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Структура личности
Сибирская аграрная наука и Кыргызстан — совместные лаборатории и технологии для АПК
18:05
32 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Бурун Аманова аялдарды өлтүргөн кылмышкерлерди түрмөгө өмүрүнүн аягына чейин отургузуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Эл өкүлү Кылмыш-жаза кодексине "фемицид" түшүнүгүн киргизүүнү көздөөдө. Ал беренеге ылайык, төмөнкү учурлар өзүнчө оор кылмыш катары каралат: аял болгону үчүн басмырлап өлтүрүү; кош бойлуу кезинде өмүрүн кыюу; зордуктоо же башка сексуалдык зомбулук менен өлтүрүү; өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү же ага түрткү берүү. Документте мындай кылмыш жасагандардын мүлкү конфискацияланып, өздөрү өмүр бою соттолушу керектиги айтылган. Ошондой эле аларга мунапыс бербөө да камтылган.
Ишемби күнү болгон катуу шамалдан улам Нарындагы Ала-Мышык тоосунда жайгашкан телемунара кулады. УТРК Нарын интернет байланышы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертип, убактылуу техникалык мүчүлүштүктү түшүнүү менен кабылдоону өтүндү.
Ош шаарынын “Темир-балбан” базарында жаңжал чыкты Алдын ала маалымат боюнча, дыйкан өзүнүн кулпунайын базарга алып келип сатууга аракет кылган. Анда соодагерлер аны жабыла сабап, кулпунайын чачып салышкан. Жыйынтыгында базарда дыйканды сабады делген 7 соодагер кармалды Милиция билдиргендей, 4-июлда базарда болгон окуя ошол эле күнү каттоого алынган. Учурда жаңжалга тиешеси бар адамдар аныкталып, себеби такталууда.
АКШ президенти Дональд Трамп Европа миграция саясатынан улам "үчүнчү өлкөгө" айланып бара жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Трамп Европа үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнөн келген кылмышкерлерди кабыл алуу менен өзү да ошол мамлекеттерге окшоп баратканын айтып, бул процесс өтө тез жүрүп жатканын белгилеген. Ошондой эле ал өзүнүн президент болуп шайланышын "өз убагында болгон окуя" деп сыпаттаган. АКШ лидери буга чейин да Европанын миграциялык саясатын бир нече жолу сындаган. 2025-жылдын аягында Европаны миграция жана энергетика саясатынын айынан жок болуу коркунучу күтүп турганын айткан болчу. Анын пикиринде миграция континентти "өлтүрүп", анын кесепетинен Европа мурдагыдай болбой калды. Ошол эле учурда АКШ миграцияга каршы катаал саясат жүргүзүүдө. Трамп экинчи жолу бийлик башына келери менен өлкө тарыхындагымыйзамсыз мигранттарды депортациялоо боюнча эң ири өнөктүктү баштоону убада кылган. Кызматка киришкенден кийин ал качкындарды кабыл алуу квотасын 125 миңден 7,5 миңге чейин кыскартты, мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо чараларын күчөтүп, 12 өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салды. Ал эми 2026-жылдын июнь айында АКШ чет элдиктерге саясий башпаанек берүүнү толугу менен токтоткон.
Франциядагы катуу ысык кеминде эки миң адамдын өмүрүн алганын өлкөнүн саламаттык сактоо министри Стефани Рист билдиргенин TF1 телеканалы кабарлады. Министр маалыматтар көз жумгандардын 60 пайызга чукулунун өлгөндүгү тууралуу документинин негизинде топтолгонун, андыктан каза тапкандардын саны өзгөрүп кетиши мүмкүндүгүн айткан. Алардын арасында 45тен ашкандар көп. Катуу ысыктан Европанын көп өлкөлөрү жабыркап жатат. Франциянын метеорология кызматы 96 департаменттин ичинен 76сында кооптуураак абал түзүлөрүн билдирген. Ысык 40 градуска чукулдап, бир катар жерлерде андан да ашып кеткен. Кырдаал Италия, Испания, Португалия жана Грецияда кыйын болуп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0