00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Инвесторлорго жашыл жол: Кыргызстанда энергетикалык долбоорлор үчүн өзгөчө режим киргизилүүдө
13:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что изменилось в законодательстве об алиментах и как защитить интересы ребёнка - советы юриста
14:05
33 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Смерти нет» — выставка о кыргызстанцах, встретивших войну на западных рубежах СССР
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россияга болгон иш сапарынын алкагында РФ өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукту. Бул тууралуу Россия өкмөтү кабарлады. Сүйлөшүү "Иннопром-2026" көргөзмөсүнүн алдында өтүп, анда соода, транспорт жана экономиканын башка тармактарындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Мишустин эки өлкөнүн алакасына жаңы дем бере турган идеялар жана инновациялык долбоорлор ишке ашарына үмүт артарын билдирди. Тараптардын сүйлөшүүлөрү бүгүн да уланат. Эскерте кетсек, Касымалиев Екатеринбург шаарына кечээ барган. Минкаб төрагасы "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Көргөзмөдө металлургия, өндүрүш жана санариптик технологиялар, машина куроо, өнөр жайды автоматташтыруу тармактарында иштеген компаниялар көрсөтүлөрү айтылган.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо иштери уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата республика боюнча дыйкандарга жалпысынан 90 миң 387,4 тонна минералдык жер семирткич жеткирилип, камсыздоо деңгээли 49,6 пайызды түздү.Жер семирткичтердин түрлөрү боюнча:азоттук – 51 миң 498,0 тонна (керектөөнүн 53,5%);фосфордук – 37 миң 872,0 тонна (53,4%);калийдик – 1 миң 17,4 тонна (6,7%).Министрлик белгилегендей, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында минералдык жер семирткичтерди жеткирүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.Ошондой эле фермерлерге жер семирткичтерди агротехникалык талаптарга ылайык, өз убагында колдонуу сунушталды.
Кыргызстанда 4 жана 5-июль күндөрү эки жолу жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.Маалыматка ылайык, биринчи жер титирөө 4-июль күнү саат 05:40та болуп, күчү 4,5 баллды түзгөн. Анын очогу Моюнкум кумдары аймагында, Тараз шаарынан түндүк-чыгышка 60 чакырым жана Талас шаарынан түндүк-батышка 90 чакырым аралыкта жайгашкан. Адистердин маалыматына караганда, бул силкинүү калктуу конуштарда сезилген эмес.Экинчи жер титирөө 5-июль күнү саат 06:50дө катталып, күчү 3,9 баллга жеткен. Очогу Пригородное айылынан түштүк-чыгышка 8 чакырым, Токмок шаарынан түштүк-чыгышка 34 чакырым жана Бишкек шаарынан түштүк-чыгышка 80 чакырым аралыкта болгон.Бул жер титирөө Пригородное, Карагүл жана Чоң-Жар айылдарында болжол менен 3 баллга чейин, ал эми Кемин жана Орловка шаарларында 2,5 баллга чейин сезилген.Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат катталган жок.
Европа мындан ары АКШга таяна албайт. НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Европа коопсуздук маселесинде мындан ары АКШга ишене албай турганын билдиришти. Алардын айтымында, Европа көп жылдар бою коргонуу маселесинде АКШга таянып келген. Бирок азыр ал доор аяктап, Европа өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүшү керек. Буга чейин Дональд Трамп АКШнын НАТОго мамилеси кайра каралышы мүмкүн экенин айтып келген. Ошондой эле ал Жакынкы Чыгыштагы соңку окуяларда айрым союздаштары АКШны колдобогонун сынга алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0