00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:55
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что связывало кыргызов с древними тюрками - беседа с историком
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Шаабай Азизов — улуу манасчынын өмүр жолу жана мурасы
17:04
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Как изменилась экономика Кыргызстана за последние пять лет?
18:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Бишкекте өтөт — U20 командасы чемпиондук үчүн ат салышат
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Ранняя помощь и поддержка семей: разговор об аутизме с психиатром из России
20:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
21:04
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ош: миллион доллар өндүрүүнү көздөгөн эргул башканын мүрзөсүнө өз эстелигин койгон

© Фото / Зульфия ТургуноваМиллион доллар өндүрүүнү көздөгөн АКШлын жарандын башканын мүрзөсүнө койгон өз эстелиги
Миллион доллар өндүрүүнү көздөгөн АКШлын жарандын башканын мүрзөсүнө койгон өз эстелиги - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошто өзүн "өлдү" деп жалган документ даярдап, Кара-Сууда мүрзөгө өзүнө эстелик койдурган киши изделип жатат.

ОШ, 16-ноя. — Sputnik. АКШдан бир миллион доллар камсыздандыруу акча алуу максатында өзүн "өлдү" деп жарыялаган адам Ошто иликтөөгө алынып, изделип жатат. Интерпол уюму менен биргеликте аталган жаранды кармоо боюнча иш жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына билдирди. 

© Фото / Зульфия ТургуноваАКШдан бир миллион доллар камсыздандыруу акча алуу максатында өзүн "өлдү" деп жарыялаган адам Ошто иликтөөгө алынып, изделип жатат
АКШдан бир миллион доллар камсыздандыруу акча алуу максатында өзүн өлдү деп жарыялаган адам Ошто иликтөөгө алынып, изделип жатат - Sputnik Кыргызстан
1/2
АКШдан бир миллион доллар камсыздандыруу акча алуу максатында өзүн "өлдү" деп жарыялаган адам Ошто иликтөөгө алынып, изделип жатат
© Фото / Зульфия ТургуноваИнтерпол уюму менен биргеликте аталган жаранды кармоо боюнча иш жүргүзүлүүдө.
Интерпол уюму менен биргеликте аталган жаранды кармоо боюнча иш жүргүзүлүүдө. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Интерпол уюму менен биргеликте аталган жаранды кармоо боюнча иш жүргүзүлүүдө.
1/2
АКШдан бир миллион доллар камсыздандыруу акча алуу максатында өзүн "өлдү" деп жарыялаган адам Ошто иликтөөгө алынып, изделип жатат
2/2
Интерпол уюму менен биргеликте аталган жаранды кармоо боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Нурдиновдун айтымында, изделип жаткан киши Өзбекстанда туулган 31 жаштагы Аслан Камал Ибрагим экени аныкталган. Ал 2000-жылы Green Card аркылуу АКШга барып, жарандык алган жана өзүн миллион долларга камсыздандырган. Андан кийин Ошто дарыгерден "2014-жылы 18-июлда өлгөнүн" тастыктаган документ алган. Мындан сырткары, жасалма кабыр жасатып, Ош облусунун Кара-Суу районундагы мүрзөлөрдүн бирине эстелик таш койдурган. Бул боюнча АКШ консулдугуна да маалымат берилген. 

"Тажрыйбалуу адистерден турган иликтөө тобу тарабынан Аслан Камал Ибрагим аттуу жаран тирүү экендиги аныкталды. Ага эстелик таш коюлган мүрзөнү казганда сөөк бар экен. Бирок ал сөөктү экспертизага бергенде Аслан Камалдын эмес, 74 жаштагы жарандын сөөгү болуп чыкты. Ал карыяга эстелик коюлган эмес. Ушул абалдан пайдаланып, Аслан Камал өзүнүн эстелигин орнотуп койгон. Аны ишке ашырууга Камалдын туугандары көмөктөшкөн. Учурда маркум карыянын туугандары изделип жатат. Алардын окуяга катыштыгы болсо аларга да кылмыш иши козголот", — деди Нурдинов. 

Ал кошумчалагандай, иликтөөнү Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймактык башкармалыгы жүргүзүп жатат. 

"Биз алгач Аслан Камалды колго түшүрүшүбүз керек. АКШда өзүн камсыздандырган кишилер үчүн ири өлчөмдө акча төлөп берилет экен. Бирок, ал миллион долларды алууга үлгүрө элек болсо керек деп ойлойм. Анткени АКШда бул процесс 1 – 1,5 жылдын ичинде сот отуруму болгондон кийин гана такталып анан акча берилет", — дейт башкармалыктын башчысы. 

Остров Велассару (Мальдивы) - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда өлгөн адамдын аты менен элди курортко жөнөткөндөр кармалды
Маалым болгондой, аты аталган жарандын "каза болгондугу" тууралуу аныктама берген Ош облусттук ооруканада иштеген дарыгер иштен четтетилип Кылмыш жаза кодексинин 315-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

Ош облусттук ооруканасынын дарт анатомия бөлүмүнүн башкы дарыгери Нуркамил Даминов билдиргендей, аталган бөлүмдүн ички тартибине ылайык, жарандардын "каза болгондугу" тууралуу аныктама аларга текшерүүгө алынып келинген сөөктөргө гана берилет. 

Ал жогорудагы жаранга "каза болгон" деген аныктама ал кызматка келгенге чейин берилип кеткендиктен түшүндүрмө бере албай тургандыгын айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0