ОШ, 16-ноя. — Sputnik. АКШдан бир миллион доллар камсыздандыруу акча алуу максатында өзүн "өлдү" деп жарыялаган адам Ошто иликтөөгө алынып, изделип жатат. Интерпол уюму менен биргеликте аталган жаранды кармоо боюнча иш жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына билдирди.
Нурдиновдун айтымында, изделип жаткан киши Өзбекстанда туулган 31 жаштагы Аслан Камал Ибрагим экени аныкталган. Ал 2000-жылы Green Card аркылуу АКШга барып, жарандык алган жана өзүн миллион долларга камсыздандырган. Андан кийин Ошто дарыгерден "2014-жылы 18-июлда өлгөнүн" тастыктаган документ алган. Мындан сырткары, жасалма кабыр жасатып, Ош облусунун Кара-Суу районундагы мүрзөлөрдүн бирине эстелик таш койдурган. Бул боюнча АКШ консулдугуна да маалымат берилген.
"Тажрыйбалуу адистерден турган иликтөө тобу тарабынан Аслан Камал Ибрагим аттуу жаран тирүү экендиги аныкталды. Ага эстелик таш коюлган мүрзөнү казганда сөөк бар экен. Бирок ал сөөктү экспертизага бергенде Аслан Камалдын эмес, 74 жаштагы жарандын сөөгү болуп чыкты. Ал карыяга эстелик коюлган эмес. Ушул абалдан пайдаланып, Аслан Камал өзүнүн эстелигин орнотуп койгон. Аны ишке ашырууга Камалдын туугандары көмөктөшкөн. Учурда маркум карыянын туугандары изделип жатат. Алардын окуяга катыштыгы болсо аларга да кылмыш иши козголот", — деди Нурдинов.
Ал кошумчалагандай, иликтөөнү Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймактык башкармалыгы жүргүзүп жатат.
"Биз алгач Аслан Камалды колго түшүрүшүбүз керек. АКШда өзүн камсыздандырган кишилер үчүн ири өлчөмдө акча төлөп берилет экен. Бирок, ал миллион долларды алууга үлгүрө элек болсо керек деп ойлойм. Анткени АКШда бул процесс 1 – 1,5 жылдын ичинде сот отуруму болгондон кийин гана такталып анан акча берилет", — дейт башкармалыктын башчысы.
Ош облусттук ооруканасынын дарт анатомия бөлүмүнүн башкы дарыгери Нуркамил Даминов билдиргендей, аталган бөлүмдүн ички тартибине ылайык, жарандардын "каза болгондугу" тууралуу аныктама аларга текшерүүгө алынып келинген сөөктөргө гана берилет.
Ал жогорудагы жаранга "каза болгон" деген аныктама ал кызматка келгенге чейин берилип кеткендиктен түшүндүрмө бере албай тургандыгын айтты.