БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокуратурасы каза болгон адамдын атынан документ жасап, дарылоо курортуна барууга жолдомо алып берген адамдарга кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Сузак районунун Кара-Дарыя айылында 1934-жылы туулуп, 2015-жылдын 15-июлунда каза болгон 1-топтогу майыптын атынан жасалма документ даярдалган. Кара-Дарыя айылынын социалдык өнүгүү башкармалыгында иштеген адамдар аталган кишинин көзү өтүп кеткенин билип туруп, анын атынан жергиликтүү тургунга Ош шаарындагы дарылоо курортуна документ жасап, жолдомо алып беришкен.
Мындан улам Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокуратурасы аталган бөлүмдүн кызматкерлерине КР Кылмыш кодекси боюнча 304 жана (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган) 315-беренелеринин негизинде (документ жасалмалоо) кылмыш ишин козгоду.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.