КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрайымдыгына Жылдыз Бакашева шайланды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКТРКнын имаратындагы табличка. Архив
КТРКнын имаратындагы табличка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрагалыкка Жылдыз Бакашевадан тышкары Бүбүкан Досалиева да талапкерлиги коюлган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Коомдук телерадиокорпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрайымы болуп Жылдыз Бакашова шайланды. Бул тууралуу аталган кеңеш билдирди.

Коомдук телерадиокорпорациянын имараты модернизацияланган кеңселердин ачылыш салтанаты - Sputnik Кыргызстан
КТРК кеңсесин Open Space форматында жаңылады
Үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда Байкоочу кеңештин кезексиз жыйыны болуп, анда КТРКнын төраганы шайлоо, "Жаңы муун" коомдук кыймылынын кайрылуусун кароо жана КТРКнын контентинин сапатын жакшыртуу маселеси каралды.

Регламентке ылайык төрага бир жылга шайланат. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Байкоочу кеңештин төрайымы болуп Жылдыз Бакашева шайланды, ал үчүн кеңештин 10 мүчөсү макулдугун берди. Экинчи талапкер Бүбүкан Досалиева төрт добуш алды. 

Кеңештин кийинки кезексиз жыйыны 2016-жылдын 30-июнуна белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0