БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Коомдук телерадиокорпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрайымы болуп Жылдыз Бакашова шайланды. Бул тууралуу аталган кеңеш билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда Байкоочу кеңештин кезексиз жыйыны болуп, анда КТРКнын төраганы шайлоо, "Жаңы муун" коомдук кыймылынын кайрылуусун кароо жана КТРКнын контентинин сапатын жакшыртуу маселеси каралды.
Регламентке ылайык төрага бир жылга шайланат. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Байкоочу кеңештин төрайымы болуп Жылдыз Бакашева шайланды, ал үчүн кеңештин 10 мүчөсү макулдугун берди. Экинчи талапкер Бүбүкан Досалиева төрт добуш алды.
Кеңештин кийинки кезексиз жыйыны 2016-жылдын 30-июнуна белгиленди.