21:16 09 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.7979
  • EUR88.1334
  • RUB1.0976
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бишкек шаар мэринин алгачкы маеги (7)
73 0 0

Буга чейин активисттер унаа жарышына катышкандардын тизгинин тартуу талабы менен митингге чыгышкан.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Стритрейсерлер үчүн эски аэропорттун аймагынан өзүнчө автотрасса берилиши мүмкүн экенин Бишкектин мэри Албек Ибраимов түз эфир учурунда билдирди.

Буга чейин унаа жарыштыргандар аны мыйзамдуу өткөрүү үчүн атайын трасса керек экенин айтып чыгышкан. Мындан тышкары, январь айында жарыштан ага катышпаган айдоочу каза болуп, жарыштарды токтотуу талабы менен митинг өткөн.

"Азырынча альтернатива жок, ал эми бүгүнкү жаштардын дээрлик баарынын унаасы бар, ылдамдыкты сүйүшөт. Албетте, "Формула-1" трассасын сунуштай албайбыз, бирок менин жеке пикиримде эски аэропорттун аймагынан жер бөлүп берүүгө болот. Ал жакта жол асфальтталган. Жер тилкеси боюнча маселелер бар, аларды чечүү керек", — деди Ибраимов.

Аталган район Бишкектин түштүк аймагында жайгашкан.

Тема:
Бишкек шаар мэринин алгачкы маеги (7)

Тема боюнча

Ибраимов: жаңы унаа жайларына акы төлөнөт
Мэр: түштүк магистралды бойлой 12 чакырым веложол курулат
Мэр Ибраимов: газ менен жүрүүчү автобустарга басым жасалууда
Белгилер:
жарыш, унаа, жол, трасса

ЭҢ МААНИЛҮҮ