Туңгуч президенттин агасы Асанкул Акаев каза болду

Жазылуу
Аскар Акаев дагы бири агасы Болот Акаевден мындан эки жыл мурда айрылган.

Бишкек 27-янв. — Sputnik. Туңгуч президент Аскар Акаевдин агасы Асанкул Акаев кечээ Бишкек шаарында каза болду. Бул туурасында Президенттин иш башкармалыгына караштуу Дарылоо жана саламаттыкты  чыңдоо борборунан такташты. Аталган жайдан убактысын жана эмнеде каза болгондугун так айта алышкан жок.

"Ал биздин медициналык жайда дарыланып жүрчү", — деп билдиришти  аталган борбордон.

ЖКнын депутаты, 1996-2000-жылдары президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы болуп иштеген Каныбек Иманалиев Асанкул Акаевдин эртең туулган айылы Кызыл-Байракка коюлаарын айтты. 

Иманалиев Асанкул Акаев 1939-жылы туулган. 2000-2005–жылдары Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын депутаты болгон.

2014-жылы туңгуч президенттин дагы агасы Болот Акаев каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0