10:03 27 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR102.9302
  • RUB1.1212
Коом
Кыскача шилтеме алуу
92 0 0

1980-жылкы Олимпиада оюндарынын тапанча атуу боюнча чемпиону, спорттун чебери Александр Мелентьев 62 жашында каза болду.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Олимпиада оюндарынын чемпиону Александр Мелентьев каза болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий сайтында маалымдалды.

Спорттун чебери 16-февралда каза болгон. Мамагенттик Мелентьевдин жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

"Александр Мелентьев чыгаан спортсмен жана машыктыруучу. Ал көптөгөн атактуу спортчуларды тарбиялап чыкты. Мелентьев ошондой эле, эрктүү, күчтүү, интеллигент жана жакшы адам болчу. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", — деп жазылат билдирүүдө.

Александр Мелентьев 1954-жылы 27-июнда Пенза шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунан "машыктыруучу-мугалим" адистигин аяктаган. 

  • Александр Мелентьев
    Александр Мелентьев "Достук-84" мелдешинде.
    © Sputnik / Юрий Простяков
  • Спортсмены Александр Мелентьев и Инна Розе. Дружба-84
    Александр Мелентьев жана Инна Александровна Розе "Достук-84" мелдешинде.
    © Sputnik / Юрий Простяков
  • Победитель соревнований Дружба-84 в стрельбе из малокалиберного пистолета Мелентьев
    Жеңиштен кийин.
    © Sputnik / Простяков
  • Александр Мелентьев
    Александр Мелентьев. XXII Олимпиада оюндары
    © Sputnik / Алексей Федосеев
  • Золотой призер Московской Олимпиады по стрельбе из произвольного пистолета Александр Мелентьев
    Александр Мелентьев. XXII Олимпиада оюндары
    © Sputnik / Юрий Сомов
  • Призёры Московской Олимпиады по произвольной стрельбе из пистолета на 50 метров
    Александр Мелентьев. XXII Олимпиада оюндары
    © Sputnik / Юрий Сомов
1 / 6
© Sputnik / Юрий Простяков
Александр Мелентьев "Достук-84" мелдешинде.

Ал эл аралык класстагы спорттун чебери, СССРдин спортуна эмгек сиңирген мастер, 1980-жылкы Олимпиада оюндарынын тапанча атуу боюнча чемпиону наамдары бар. Мелентьев ошондой эле, дүйнөнүн сегиз жолку чемпиону (1982, 1983, 1986, 1987, 1989-жылдары командалык мелдештерди жеңген).

Европанын жети жолку чемпиону (1980, 1981, 1984-1986, 1988-жылдары командалык мелдештерди жеңген).

Европа чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси (1972, 1980-жылдары). СССРдин 13-жолку чемпиону (1979-1989-жж).

Дүйнө жана Европанын рекордсмени, жеке командалык эсеп боюнча СССРдин рекордсмени (1980-1988-жж) да болгон.

Белгилер:
Александр Мелентьев

ЭҢ МААНИЛҮҮ