00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
20-июнь күнү өлкөнүн бир нече аймагында сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кээ бир райондордо тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Социалдык тармактарга тараган видеодон Ак-Талаа районунда нөшөрдөн кийинки сел оор жүк ташыган унааны агызып кеткенин көрүүгө болот. Ушундай эле табигый кырсык Кара-Кулжанын Кызыл-Булак айылында катталган. Учурда айыл ичинде тазалоо иштери жүрүп жатат. Бактыга жараша, жабыркагандар болгон эмес.Ал эми Баткендин Ак-Сай айылында селден кийин өзгөчө кырдаал режими киргизилди. "Көк-Таш айылынын Дахма тилкесинде жалпы 20 турак жай жабыркаган. Беш үйдүн ичи, 15 тамдын жер төлөсүнө суу толуп калган. Мындан сырткары, 600 метр ички чарбалык жолду суу жеп кеткен. Эки турак үй авариялык абалга келип, жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлдү", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле Баткендин Ак-Татыр, Самаркандек жана Суу-Башы айылдарында да сел жүргөн.
Иш-чарага 15 өлкөдөн келген ардактуу коноктор, Нобель сыйлыгынын лауреаттары, окумуштуулар катышты. Чыңгыз Айтматов тарабынан 1986-жылы демилгеленген бул форум азыр күн тартибине коюлууда. Анын жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынып, негизине Чыңгыз Айтматовдун идеяларын өнүгүү стратегияларына киргизүү, согуштарды диалог аркылуу чечүүгө чакыруу, жаратылышты коргоо жана биосфералык аймактарды сактоо сунушталды. Ошондой эле форумга эл аралык макам берүү, аны ар төрт жыл сайын Ысык-Көлдө өткөрүү, Бишкекте туруктуу координациялык кеңеш түзүү, жаш изилдөөчүлөр үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык стипендия уюштуруу жана демилгелерди эл аралык уюмдарга жолдоо каралган.
23-июндан тарта "Манас" аэропортуна кеткен трасса оңдоло баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин айтымында, "Аска-Таш" комплексинен аэропорттун бурулушуна чейинки 23 чакырым тилкеде асфальттын үстүңкү катмары жаңыланат. "Оңдоо иштери 40 күнгө созулат деп жатышат. Бул учурда жолдун бир тарабы ачык болот. Эч кимге тоскоолдук кылбайбыз", — деген мэр. Белгилей кетсек, буга чейин аталган трассада жарыктандыруу системасы жаңыланып, жол боюндагы самсаалаган бак-дарактарды тегиздеп чыгышкан.
Владимир Зеленский Польшанын президенти Кароль Навроцкий алып койгон Ак бүркүт орденин почта аркылуу кайра салып жиберди. Бул тууралуу анын жарыялаган сүрөттөрүнөн көрүүгө болорун РИА Новости жазды. Зеленскийдин артынан эле аталган наам менен сыйланган Украинанын үч экс-президенти Леонид Кучма, Виктор Ющенко жана Петр Порошенко* да орденден баш тартышты. Буларга катар эле тышкы иштер министри Андрей Сибига, Зеленскийдин кеңсе башчысы Кирилл Буданов** жана Украинанын Польшадагы элчиси Василий Бондар ордендин кереги жок экенин айтышкан. Киев режиминин башчысын Польшанын эң жогорку наамы болгон Ак бүркүт орденинен ажыратканын өлкөнүн жетекчиси Навроцкий жума күнү билдирген. Буга Зеленскийдин Украин улутчулдар уюму менен анын куралдуу бөлүгү Көтөрүлүшчүлөр армиясынын лидерлеринин бири Андрей Мельниктин сөөгүн кайра көмүүгө катышканы жана Украина Куралдуу күчтөрүнүн бир бөлүгүнө "УПА баатырларынын атын" ыйгарганы себеп болгон. Дал ушул уюмдун колунан миңдеген поляк кырылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0