https://sputnik.kg/20260621/1101996566.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан баңги соодасы жана аткезчилик менен соттолгон казакстандык аялды экстрадициялады. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн башкы көзөмөл органы билдирди... 21.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-21T17:00+0600
2026-06-21T17:00+0600
2026-06-21T18:09+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/15/1101996400_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_886b11fe66be191f685594ea19990faa.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан баңги соодасы жана аткезчилик менен соттолгон казакстандык аялды экстрадициялады. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн башкы көзөмөл органы билдирди. Прокуратуранын маалыматына караганда, ал 2010-жылы бир килограммдан ашык гашишти сатуу максатында аны чек арадан мыйзамсыз алып өткөнү үчүн күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 15 жыл 6 айга кесилген. Жаш баласы болгондуктан, жаза мөөнөтүн өтөө баласы 14 жашка чыкканга чейин жылдырылган. Пробациялык көзөмөлдө турган маалда, 2017-жылы аял өкүмдү аткаруудан качып, издөө жарыяланган. Айыпкер ушул жылдын март айында Бишкектен кармалган.
Бишкекте май куюучу жайлардын көбү менен келишимдер узартылган. Ошондуктан аларды шаар сыртына бир күндө көчүрүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, май куюучу жайларды толугу менен шаардан алып салууга болбойт. Анткени бул жол тыгындарын көбөйтүп, шаардык кызматтарынын ишин да татаалдаштырат. "Шаардын айрым аймактарында май куюучу жайларды толугу менен алып салуу мүмкүн эмес. Бирок акырындап азайып жатат", — деди ал.
РИА Новости Россиянын күч түзүмдөрүндөгү булакка таянып билдиргендей, украиналык куралдуу бөлүктөрдүн өкүлдөрү АКШга байма-бай каттап, ал жактан каржылык колдоо алып турушат. Булак мындай сапарлар Вашингтон тарабынан колдоого алынарын белгилеген. Айтымында, АКШга баргандардын арасында мурда “Азов” батальонунун командири болуп, азыр Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 3-армиялык корпусунун командачысынын орун басары болуп иштеп жаткан Дмитрий Кухарчук да бар. Булак аны ачык неонацисттик көз караштагы адам катары мүнөздөгөн.
Украина Варшавага ордендин ордуна Киевге колдоо иретинде берилген аскердик техника менен курал-жарактын баарын кайтарышы керек. Бул тууралуу Польшанын экс-премьери Лешек Миллер Polsat News телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. Миллер Зеленский орден менен убагында россиялык каныша Екатерина II менен Германиянын экс-канцлери Герхард Шредердин сыйланганын айтпай, нааразычылыгын наам тапшырылып жатканда билдирсе оң болмоктугун белгиледи. Эскерте кетсек, Польшанын эң жогорку наамы болгон Ак бүркүт ордени Владимир Зеленскийге 2023-жылы тапшырылган. Киев режиминин башчысы май айында Украин улутчулдар уюму менен анын куралдуу бөлүгү Көтөрүлүшчүлөр армиясынын (УПА*) лидерлеринин бири Андрей Мельниктин сөөгүн кайра көмүүгө катышып, Куралдуу күчтөрүнүн бир бөлүгүнө "УПА баатырларынын атын" ыйгарган. Миңдеген поляктын канына забын болгон уюм мүчөлөрүнүн минтип даңазаланышы Варшаваны катуу нааразы кылган.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 25 тыйынга юань 12 сом 92 тыйынга рубль 1 сом 19 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 79 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 88 сом 90ыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 44 сомдун тегерегинде сатылууда.
Аба ырайы 22-июнда өлкө аймагында абанын температурасынын жогорулашына жана айрым аймактарда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Дүйшөмбүдө өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Таласта +28...+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл аймагында +21...+26, Нарын регионунда +20...+25 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +32...+34, Ош калаасында +31...+33, Чолпон-Ата шаарында +22...+24 градусту көрсөтөт.
Кыргызстан баңги соодасы жана аткезчилик менен соттолгон казакстандык аялды экстрадициялады. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн башкы көзөмөл органы билдирди. Прокуратуранын маалыматына караганда, ал 2010-жылы бир килограммдан ашык гашишти сатуу максатында аны чек арадан мыйзамсыз алып өткөнү үчүн күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 15 жыл 6 айга кесилген. Жаш баласы болгондуктан, жаза мөөнөтүн өтөө баласы 14 жашка чыкканга чейин жылдырылган. Пробациялык көзөмөлдө турган маалда, 2017-жылы аял өкүмдү аткаруудан качып, издөө жарыяланган. Айыпкер ушул жылдын март айында Бишкектен кармалган. Бишкекте май куюучу жайлардын көбү менен келишимдер узартылган. Ошондуктан аларды шаар сыртына бир күндө көчүрүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, май куюучу жайларды толугу менен шаардан алып салууга болбойт. Анткени бул жол тыгындарын көбөйтүп, шаардык кызматтарынын ишин да татаалдаштырат. "Шаардын айрым аймактарында май куюучу жайларды толугу менен алып салуу мүмкүн эмес. Бирок акырындап азайып жатат", — деди ал. РИА Новости Россиянын күч түзүмдөрүндөгү булакка таянып билдиргендей, украиналык куралдуу бөлүктөрдүн өкүлдөрү АКШга байма-бай каттап, ал жактан каржылык колдоо алып турушат. Булак мындай сапарлар Вашингтон тарабынан колдоого алынарын белгилеген. Айтымында, АКШга баргандардын арасында мурда “Азов” батальонунун командири болуп, азыр Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 3-армиялык корпусунун командачысынын орун басары болуп иштеп жаткан Дмитрий Кухарчук да бар. Булак аны ачык неонацисттик көз караштагы адам катары мүнөздөгөн. Украина Варшавага ордендин ордуна Киевге колдоо иретинде берилген аскердик техника менен курал-жарактын баарын кайтарышы керек. Бул тууралуу Польшанын экс-премьери Лешек Миллер Polsat News телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. Миллер Зеленский орден менен убагында россиялык каныша Екатерина II менен Германиянын экс-канцлери Герхард Шредердин сыйланганын айтпай, нааразычылыгын наам тапшырылып жатканда билдирсе оң болмоктугун белгиледи. Эскерте кетсек, Польшанын эң жогорку наамы болгон Ак бүркүт ордени Владимир Зеленскийге 2023-жылы тапшырылган. Киев режиминин башчысы май айында Украин улутчулдар уюму менен анын куралдуу бөлүгү Көтөрүлүшчүлөр армиясынын (УПА*) лидерлеринин бири Андрей Мельниктин сөөгүн кайра көмүүгө катышып, Куралдуу күчтөрүнүн бир бөлүгүнө "УПА баатырларынын атын" ыйгарган. Миңдеген поляктын канына забын болгон уюм мүчөлөрүнүн минтип даңазаланышы Варшаваны катуу нааразы кылган. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 25 тыйынга юань 12 сом 92 тыйынга рубль 1 сом 19 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 79 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 88 сом 90ыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 44 сомдун тегерегинде сатылууда.Аба ырайы 22-июнда өлкө аймагында абанын температурасынын жогорулашына жана айрым аймактарда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Дүйшөмбүдө өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Таласта +28...+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл аймагында +21...+26, Нарын регионунда +20...+25 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +32...+34, Ош калаасында +31...+33, Чолпон-Ата шаарында +22...+24 градусту көрсөтөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/15/1101996400_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ad1c9a5c5e782b98cca5659f8abe89b7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио