https://sputnik.kg/20260621/1101994958.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү рекорддук чекке жетти.Апрель айынын аягындагы маалымат боюнча, Кыргызстандагы депозиттердин жалпы көлөмү 924... 21.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-21T11:00+0600
2026-06-21T11:00+0600
2026-06-21T18:09+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/15/1101994791_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9d730cfeffdc876bdf08be7399f30e77.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү рекорддук чекке жетти.Апрель айынын аягындагы маалымат боюнча, Кыргызстандагы депозиттердин жалпы көлөмү 924 миллиард 59 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалат. Бул көрсөткүчкө мөөнөттүү жана талап кылынганга чейинки депозиттер гана эмес, жарандардын эсептешүү эсептериндеги акчалары да кирерин эске салабыз. Кеп юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле резидент эместердин каражаттары тууралуу болуп жатат. Депозиттердин азыркы көлөмү өлкө тарыхындагы эң жогорку чек — рекорддук көрсөткүч болуп калды. Ал жыл башынан бери дээрлик 57,9 миллиард сомго өстү. Акыркы жылдары Кыргызстанда депозиттик базанын көлөмү абдан жигердүү өсүүдө. Салыштыра кетсек, 2023-жылдын аягында ал 431,3 миллиард сомду түзгөн, башкача айтканда, эки жылдан бир аз ашык убакыттын ичинде бул көрсөткүч эки эсеге көбөйдү.
Бишкек шаарындагы Усубалиев атындагы аянтта Аскер институтун аяктаган бүтүрүүчүлөргө диплом жана алгачкы офицердик "лейтенант" аскердик наамы тапшырылды. Бул тууралуу коргоо министрлиги маалымдады. Быйыл Аскер институтун 7 курсант артыкчылык диплому менен аяктап, алардын үчөө президенттин стипендиясына татыктуу болушкан. Наам тапшыруу аземи салтанаттуу өтүп, ага Коргоо министринин биринчи орун басары Талайбек Шаршеев, Бишкек шаарынын мэри, Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, ошондой эле жаш лейтенанттардын ата-энелери менен жакындары катышты. Иш-чара бүтүрүүчүлөрдүн "Офицердик вальс" бийи менен коштолду. Ага удаа эле соцтармакка бүтүрүүчү жигиттердин айрымдары кыздардын колун сураган видео тарады. Алардын баары "макул" деген жооп алышкан.
Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайлар үчүн төлөмдү эми "Менин шаарым" тиркемеси аркылуу төлөсө болот Айдоочулар тиркемеден токтотуучу жайдын аймагын тандап, унаанын номерин көрсөтүп, акысын онлайн төлөйт. Баасы саат 08:00дөн 20:00гө чейин 25 сомду түзөт. Дем алыш жана майрам күндөрү төлөм алынбайт.
Европа Биримдигинин саммитинин алкагында бир катар Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Украинанын ЕБге мүчө болушу боюнча билдирүүлөрдү жасашты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. Германиянын канцлери Фридрих Мерц Украина согуш жүрүп жаткан шартта түздөн-түз ЕБге мүчө боло албасын, бирок ассоциацияланган макам ала аларын айтты. Польшанын премьер-министри Дональд Туск Украина ЕБге бардык талаптарды жана критерийлерди аткаргандан кийин гана кире аларын билдирди. Анын айтымында, Киев үчүн шарттар башка өлкөлөрдүкүндөй эле болот. Словакиянын өкмөт башчысы Роберт Фицо Украинанын ЕБге карай жолу узак экенин жана көптөгөн шарттарды аткарууну талап кыларын белгиледи. Анын айтымында, мүчөлүккө кабыл алуу процесси кеминде 10 жылга созулушу мүмкүн. Белгилей кетсек, Польша президенти Кароль Навроцкий дагы Украина өлкөнүн айыл чарбасы үчүн кооптуу экенин, ал ар дайым польшалык дыйкандардын кызыкчылыгын коргой турганын жазган.
Кыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү рекорддук чекке жетти.Апрель айынын аягындагы маалымат боюнча, Кыргызстандагы депозиттердин жалпы көлөмү 924 миллиард 59 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалат. Бул көрсөткүчкө мөөнөттүү жана талап кылынганга чейинки депозиттер гана эмес, жарандардын эсептешүү эсептериндеги акчалары да кирерин эске салабыз. Кеп юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле резидент эместердин каражаттары тууралуу болуп жатат. Депозиттердин азыркы көлөмү өлкө тарыхындагы эң жогорку чек — рекорддук көрсөткүч болуп калды. Ал жыл башынан бери дээрлик 57,9 миллиард сомго өстү. Акыркы жылдары Кыргызстанда депозиттик базанын көлөмү абдан жигердүү өсүүдө. Салыштыра кетсек, 2023-жылдын аягында ал 431,3 миллиард сомду түзгөн, башкача айтканда, эки жылдан бир аз ашык убакыттын ичинде бул көрсөткүч эки эсеге көбөйдү.Бишкек шаарындагы Усубалиев атындагы аянтта Аскер институтун аяктаган бүтүрүүчүлөргө диплом жана алгачкы офицердик "лейтенант" аскердик наамы тапшырылды. Бул тууралуу коргоо министрлиги маалымдады. Быйыл Аскер институтун 7 курсант артыкчылык диплому менен аяктап, алардын үчөө президенттин стипендиясына татыктуу болушкан. Наам тапшыруу аземи салтанаттуу өтүп, ага Коргоо министринин биринчи орун басары Талайбек Шаршеев, Бишкек шаарынын мэри, Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, ошондой эле жаш лейтенанттардын ата-энелери менен жакындары катышты. Иш-чара бүтүрүүчүлөрдүн "Офицердик вальс" бийи менен коштолду. Ага удаа эле соцтармакка бүтүрүүчү жигиттердин айрымдары кыздардын колун сураган видео тарады. Алардын баары "макул" деген жооп алышкан.Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайлар үчүн төлөмдү эми "Менин шаарым" тиркемеси аркылуу төлөсө болот Айдоочулар тиркемеден токтотуучу жайдын аймагын тандап, унаанын номерин көрсөтүп, акысын онлайн төлөйт. Баасы саат 08:00дөн 20:00гө чейин 25 сомду түзөт. Дем алыш жана майрам күндөрү төлөм алынбайт.Европа Биримдигинин саммитинин алкагында бир катар Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Украинанын ЕБге мүчө болушу боюнча билдирүүлөрдү жасашты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. Германиянын канцлери Фридрих Мерц Украина согуш жүрүп жаткан шартта түздөн-түз ЕБге мүчө боло албасын, бирок ассоциацияланган макам ала аларын айтты. Польшанын премьер-министри Дональд Туск Украина ЕБге бардык талаптарды жана критерийлерди аткаргандан кийин гана кире аларын билдирди. Анын айтымында, Киев үчүн шарттар башка өлкөлөрдүкүндөй эле болот. Словакиянын өкмөт башчысы Роберт Фицо Украинанын ЕБге карай жолу узак экенин жана көптөгөн шарттарды аткарууну талап кыларын белгиледи. Анын айтымында, мүчөлүккө кабыл алуу процесси кеминде 10 жылга созулушу мүмкүн. Белгилей кетсек, Польша президенти Кароль Навроцкий дагы Украина өлкөнүн айыл чарбасы үчүн кооптуу экенин, ал ар дайым польшалык дыйкандардын кызыкчылыгын коргой турганын жазган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/15/1101994791_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_767ef72b00907f92eb437afa169b12b0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио