00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучулары атайын резолюция кабыл алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев форумдун жыйынында жарыялады. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 18-21-июнь күндөрү өтүп жаткан форумга дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн келген кадырлуу коноктор, анын ичинде Нобель сыйлыгынын лауреаттары, белгилүү окумуштуулар, маданият жана саясий ишмерлер катышты. "Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов тарабынан 1986-жылы негизделген бул форум бүгүнкү күндө глобалдык идеологиялык карама-каршылыктар курчуп турган шартта кайрадан күн тартибине коюлууда. Форум жаңыча ой жүгүртүү жана руханий экология концепцияларын өнүктүрүүгө, өзөктүк коркунучту азайтууга жана дүйнөлүк коомчулуктун трансформациясына таасир этүү максатын көздөйт", — деди Койчиев. Мамлекеттик катчы окуган резолюцияда адамзат туш болгон геосаясий чыңалуу, куралдуу кагылышуулар, климаттык өзгөрүүлөр жана социалдык-экономикалык теңсиздик сыяктуу системалык кризистер белгиленип, негизги чечимдер кабыл алынганы айтылды.
ШКУ баш катчысынын орун басары: Кыргызстан уюмдун өзөгүн түзөт Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) ичинде өлкөлөрдү чоң-кичине деп бөлүү деген жок, ал эми Кыргызстан бул бирикмени түптөгөндөрдүн бири. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысынын орун басары Олег Копылов Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирди. Бүгүнкү күндө Жер шарынын калкынын 40 пайыздан ашыгын бириктирген бул ири уюмдун пайдубалын түптөөгө Кыргызстан да түздөн-түз катышканын көпчүлүк биле бербейт. Копылов уюм 2001-жылы "Шанхай бешилтигинин" негизинде түзүлгөндөн бери чоң өнүгүү жолун басып өткөнүн айтты. "Биз дайыма Борбор Азия бул уюмдун негизги өзөгү деп келебиз. Кыргызстан мына ошол өзөктүн башатында турат", — деди ал. Анын айтымында, өлкө жүк ташуу, коопсуздук жана башка тармактарда абдан маанилүү ролду ойнойт.
Аламүдүндө шар аккан каналга түшүп кеткен келин изделип жатат Чүйдүн Аламүдүн районунда шар аккан каналга түшүп кеткен аял изделип жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык 20-июнь күнү саат 08:20 чамасында болгон. 31 жаштагы Н.Н аттуу келин шар сууга агып кеткен. "Учурда издөө иштерине Аламүдүн райондук бөлүмдөн 13, Сокулуктагы бөлүмдөн беш куткаруучу тартылган. 30 милиция кызматкери жана жабырлануучунун тууган-туушкандары болуп жалпы 54 киши издеп жатат", — деп айтылат маалыматта. Кырсыктын чоо-жайы айтылган эмес. ӨКМден кошумча маалымат берилерин кошумчалашты.
Иран Израилдин Ливанга каршы агрессиясы улана берсе, Ормуз кысыгын жабарын билдирди. Бул тууралуу Иран Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы маалымдады. Иран ТИМи АКШ Израилге карата шашылыш чара көрүшү керектигин, болбосо меморандум коркунуч алдында каларын белгиледи. Ошол эле учурда АКШ өкүлдөрү Уиткофф менен Кушнер Швейцарияга Иран менен сүйлөшүүгө катышуу үчүн келишти. Иран делегациясы да жолго чыкты.
Жаңылыктар түрмөгү
0