БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Олимпиада оюндарынын чемпиону Александр Мелентьев каза болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий сайтында маалымдалды.
Спорттун чебери 16-февралда каза болгон. Мамагенттик Мелентьевдин жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
"Александр Мелентьев чыгаан спортсмен жана машыктыруучу. Ал көптөгөн атактуу спортчуларды тарбиялап чыкты. Мелентьев ошондой эле, эрктүү, күчтүү, интеллигент жана жакшы адам болчу. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", — деп жазылат билдирүүдө.
Александр Мелентьев 1954-жылы 27-июнда Пенза шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунан "машыктыруучу-мугалим" адистигин аяктаган.
Ал эл аралык класстагы спорттун чебери, СССРдин спортуна эмгек сиңирген мастер, 1980-жылкы Олимпиада оюндарынын тапанча атуу боюнча чемпиону наамдары бар. Мелентьев ошондой эле, дүйнөнүн сегиз жолку чемпиону (1982, 1983, 1986, 1987, 1989-жылдары командалык мелдештерди жеңген).
Европанын жети жолку чемпиону (1980, 1981, 1984-1986, 1988-жылдары командалык мелдештерди жеңген).
Европа чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси (1972, 1980-жылдары). СССРдин 13-жолку чемпиону (1979-1989-жж).
Дүйнө жана Европанын рекордсмени, жеке командалык эсеп боюнча СССРдин рекордсмени (1980-1988-жж) да болгон.