Үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда майып баласын дарылатуу үчүн Россиядан Ысык-Көлгө келе жаткан жубайларды Токмоктон карактап кетишкен. Окуя өкмөт башчынын жеке көзөмөлүнө алынып, учурда кылмышка шектүү эки киши кармалды. Алардын буга чейин күч түзүмдөрүндө иштегени аныкталган. Үй-бүлө менен өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү жолугуп, бекер дарыланууга мүмкүнчүлүк берилди.