Тонолгон россиялык жаран: окуяга премьер-министрдин кийлигишкенине таң калдым

© Фото / Арстан КалыбековРебров үй-бүлөсү. Архив
Ребров үй-бүлөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өздөрүн милиция кызматкерибиз деп тааныштырган каракчылар тарабынан тонолгон россиялык жаран Sputnik Кыргызстан агенттигине окуя кандайча болгонун айтып берди.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда Дмитрий жана Ирина Ребровдордун үй-бүлөсү Ысык-Көлгө бараткан жеринен каракчыларга туш болуп, 20 миң рубль, 45 миң сом жана 100 евросун алдырып жиберген. Жубайлар укук коргоо органдарына кайрылып, окуя коомчулукта да кызуу талкууга алынган. Атургай премьер-министр аны жеке көзөмөлүнө алган.

— Негизи 4-июль күнү эмне болду?
— Биз үй-бүлөбүз менен Ысык-Көлгө бара жатканбыз. Унаабыздын номери Россияныкы болчу. Аңгыча артыбыздан Mazda 626 үлгүсүндөгү унаа келип, милиция таякчасы менен токтотушту. Жаныбызга келген эркек өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырды. Мен анын токтотконун туура эле кабыл алдым.

— Анан кантип акчаңызды алып алды?

Чет элдик жаранды бишкектик таксисттер алдайбы — социалдык эксперимент - Sputnik Кыргызстан
Чет элдик жаранды бишкектик таксисттер алдайбы — социалдык эксперимент
— Алар мени документтериңди текшеребиз деп өздөрүнүн унаасына отургузушту. Чөнтөктөрүмдү аңтарып, капчыгыман жасалма акча издей башташты. Ошол маалда мени экинчиси алаксытууга аракет кылды. Капчыкта беш миң сомдуктар, миң рублдиктер анан 100 евродон бешөө болчу. Капчыгымды бергенде ичинде акча бардай эле көрүнгөн. Санабай эле унаадан түшүп, өзүмдүн машинама келдим. Жубайым текшерип көрөлүчү, балким бир нерсе салып коюшкандыр дегенинен ачып карасам эле ири суммадагы акча жок болуп чыкты. Кантип алып чыгышканын түшүнбөй калдым, колдору жедеп дасыгып бүткөн окшойт.

— Токтоткондо милиция кызматкерлери эмес деген ой болгон жокпу?
— Жок. Кадимки милиционерлердей сүйлөштү да. Укук коргоо органдарынан экени дароо эле билинип турду. Көрсө, мурун чын эле ошол жакта иштешиптир.

— Тонолгонуңарды билгенден кийин эмне кылдыңар?
— Кеминге келгенден кийин милицияга кайрылдык. Жарым күнүбүз ошол жакка кетти. Чүй ИИББден келишти. Андан соң Россиянын элчилигине бардык. Анан кимдир бирөөлөр маалымат каражаттарына кайрылуубузду сунуштады. Биз дал ошондой кылдык.

— Бул ишти премьер-министр өзү жеке көзөмөлүнө алганын кандай кабыл алдыңыз?

Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тонолгон россиялык үй-бүлө Ысык-Көлдө бекер дарыланмай болду
— Абдан таң калдык. Чынын айтканда биз менен ушундай окуя болгонго кубанып кетип да жатабыз. Ушул окуянын аркасы менен Кыргызстанды башка тарабынан таанып билдим. Бул жактагы элдин канчалык меймандос экенине да күбө болдум. Баары бизге телефон чалып, ал-акыбалызбы сурап, кандай жардам керек экенин кызыгышууда. Бардык жерде бизди жакшы тосуп алышууда. Бул албетте абдан жакшы. Мына сиз менен сүйлөшүп жатып, дагы төрт чалууга жооп бербей калдым (күлүп).

— Айрым ЖМКлар сиздин Кыргызстанда төрөлгөнүңүздү жазышууда…
— Ооба мен Фрунзе шаарында төрөлгөм. Бул жактан 1997-жылы кеткем. Ошентсе да Кыргызстанда атам жана башка туугандарым жашайт. Апамды бул жактан жерге бердик

Ысык-Көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дем алыш күндөрү Ысык-Көлдө күн себелейт
— Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү кызыңыз үчүн сунуштаган дарылануу курсун азыр өтүп жатасыздарбы?

— Тилекке каршы бизге сунушталган дарылануу курсун убакытка байланыштуу ала албайбыз. Эс алуу мөөнөтүбүз бүтүп калды. Кызым шал жана талма менен ооруйт. Андыктан Россияга кайта кетиш керек. Бизге сунушталган жардамга ыраазыбыз. Азыр биз калган эс алуу күндөрүн өткөрүп атабыз.

Албетте, биз кабылган окуяга кайдыгер карабай, жардам берип, дагы да жардам берүүнү каалаган бардык кишилерге ыраазыбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0