00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Международный Иссык-Кульский форум Айтматова: о совместной работе РФ и КР по укреплению мира в регионе
08:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өспүрүмдөрдүн эмгек укуктары: Кыргызстанда жашы жете электердин укуктары кандай корголот?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Кыргызстан выбрал участников «Славянского базара» - кто представит страну в Витебске
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что могут сделать омбудсмены России и Кыргызстана если нарушены ваши права
18:06
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Быйыл МИК аркылуу кезек күткөндөрдүн 20 миңи үйлүү болушары айтылды Кыргызстандын ЕАЭБ менен соода алакасы улам өсүп бара жатат Кыргызстан менен Беларусь кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Сергей Молунов — Беларустун Кыргызстандагы элчисин кабыл алды. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды жана парламенттер аралык кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды. Маматалиев акыркы жылдары эки өлкөнүн мамилеси өнүгүп жатканын белгилеп, маданий байланыштарды жана туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк чоң экенин айтты. Өз кезегинде Молунов Беларустун парламентинин жетекчилеринин куттуктоо каттарын тапшырды.
Кыргызстандын ЕАЭБ мамлекеттери менен соода-сатыгынын көлөмү быйылкы жылдын январында 396,8 миллион долларды чапчып, былтыркы жылдын биринчи айына салыштырмалуу 11,3 пайызга көп болду. Мындай маалымат Статкомдун отчетунда айтылган. Өз ара сооданын бул мезгилдеги үлүшү көбүрөөк Россия 68,6 пайыз менен Казакстанга 29 пайыз тиешелүү. Жылдын алгачкы айында Кыргызстандын жалпы сырткы жана өз ара соодасы бир миллиард сомго чукулдаган. Бул 2025-жылга салыштырмалуу эки пайызга көптүк кылат. Муну менен катар эле экспорт 20,3 пайыз азайып, импорт 6,1 пайыз өскөн.
Быйыл Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезек күткөндөргө 20 миңден ашуун батир берилери белгилүү. Алардын ичинен борбор калаада — 7 миңден ашуун адам алса, Чүй облусу боюнча — 7500, Ысык-Көлдө —2200, Ош облусунда — 1800, Баткенде — 1400, Нарында — 433, Таласта — 319 кезектеги жарандар үйлүү болушат. Эске салсак, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрү 4%, 8% үстөк программалар аркылуу 25 жылга чейин берилет. Ошондой эле ипотекасынын түрүнө карабай МИК аркылуу батир алгандар өлкөнүн социалдык фонду аркылуу пенсиясынын топтомо бөлүгүн төлөм катары колдоно алары белгиленген.
Жаңы Москванын Калуга шоссесинде Volkswagen кичи автобусу менен экскурсиялык автобус кагылышып, кырсыктын кесепетинен кичи автобустун ичиндеги Кыргызстандын 6 жараны ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Окуя болгон күнү Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу милиция бөлүмүнө барып, жабыркагандар тууралуу маалыматты тактаган. "Учурда жабыркагандардын баары Москва шаарынын ооруканаларына жеткирилип, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта. Белгиленгендей, бул маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жеке көзөмөлүндө турат.
Эл аралык автомобиль федерациясы жана "Формула-1" жетекчилиги, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу апрель айында Бахрейн менен Сауд Аравиясынын Гран-при жарыштарын өткөрбөй турган болду. Бул тууралуу FIA жарыялаганын маалымат булактары жазды. Ага ылайык, бир нече альтернативдүү варианттар каралып, акыры апрель айында мелдешти өткөрбөө чечими кабыл алынган. Бахрейн Гран-приси 10-12-апрелге, ал эми Сауд Аравиясынын раунду 17-19-апрелге белгиленген. Альтернативдин жоктугунан чемпионат дээрлик беш жумалык тыныгууга туш болду. 27-29-мартта Япониянын Гран-присинен кийин, кийинки айлампа 3-майда Майамиде өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0