https://sputnik.kg/20260316/1100244040.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Үй-бүлөлүк... 16.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-16T08:59+0600
2026-03-16T08:59+0600
2026-03-16T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/10/1100243874_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_97e1f1f058c0920c61eefa560f2b02ae.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун абалы менен таанышты. Медициналык мекеменин аймагында 11 корпус жайгашкан, алардын бир бөлүгү 1950–1970-жылдары курулган. Бир нече имарат авариялык абалда, айрым корпустар капиталдык оңдоого жана инженердик коммуникацияларды модернизациялоого муктаж. 2024-жылы 60 орундуу аймактык оорукананын жаңы корпусу пайдаланууга берилип, анда хирургия, балдар, төрөт жана реанимация бөлүмдөрү жайгаштырылган. Ошол эле учурда, медициналык мекемеге жүктөм көп болгондуктан, учурдагы кубаттуулуктар калктын керектөөлөрүн толук камсыз кылуу үчүн жетишсиз. Министрлер кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга заманбап талаптарга жооп берген жаңы оорукананын имаратын, ошондой эле медицина кызматкерлери үчүн жатакана куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Улуттук банктын алтын-валюта резерви бир айда 552 миллион долларга азайды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.Январдын аягында резервдердин көлөмү 10 млрд 177,2 миллион долларды түзсө, февралдын этегинде 9,6 миллиард долларга чейин азайган. Бул аралыкта дүйнөлүк рынокто алтындын баасы төмөндөп, Улуттук банк валюта рыногуна 272,5 миллион доллар саткан. Алтын-валюта резервдери сомдун курсунун туруктуулугун камсыз кылууга жардам берет.
Кечээ "Манас" эл аралык аэропортуна Сауд Арабиясынан 142 кыргызстандыкты алып келген учак конду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.Буга чейин биринчи этап менен Кувейт, Бахрейн жана Катарда жүргөн мекендештер Эр-Риядга жеткирилгени айтылган болчу. Министрлик абал толук турукташканга чейин жогоруда аталган мамлекеттерге барбай турууну кайрадан эскертти.Белгилей кетсек, буга чейин Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жалпысынан 22 миңдей кыргызстандык бар экени айтылган.Эске салсак, февралдын соңунан тарта АКШ, Израилдин Иранга каршы соккуларынын алкагында Жакынкы Чыгышта абал курчуган. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабиясы, Оман, БАЭ менен эвакуациялык каттамдарды уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын кабарлаган.
Президент Садыр Жапаров 14-мартта Эл аралык суу-мотор спорту союзунун президенти Раффаэле Чиуллини кабыл алды. Жолугушууда аталган спорт түрү боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана союздун колдоосу менен Кыргызстанда эл аралык мелдештерди өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Жыйынтыгында президент Садыр Жапаров жана Эл аралык суу-мотор спорту союзунун башчысы Раффаэле Чиулли Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлө турган UIM F1H20 суудагы Формула 1 Дүйнө кубогу Ысык-Көлдүн эбегейсиз туристтик мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүгө гана мүмкүндүк бербестен, улуттук брендди эл аралык аренада илгерилетүүнүн натыйжалуу куралы болоруна ишеним билдиришти.
АКШ президенти Дональд Трамп мунайга байланышкан антироссиялык санкциялар кайтарыларын убадалады. Бул тууралуу ал NBC телеканалына маек куруп жатып билдирген. Ан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун абалы менен таанышты. Медициналык мекеменин аймагында 11 корпус жайгашкан, алардын бир бөлүгү 1950–1970-жылдары курулган. Бир нече имарат авариялык абалда, айрым корпустар капиталдык оңдоого жана инженердик коммуникацияларды модернизациялоого муктаж. 2024-жылы 60 орундуу аймактык оорукананын жаңы корпусу пайдаланууга берилип, анда хирургия, балдар, төрөт жана реанимация бөлүмдөрү жайгаштырылган. Ошол эле учурда, медициналык мекемеге жүктөм көп болгондуктан, учурдагы кубаттуулуктар калктын керектөөлөрүн толук камсыз кылуу үчүн жетишсиз. Министрлер кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга заманбап талаптарга жооп берген жаңы оорукананын имаратын, ошондой эле медицина кызматкерлери үчүн жатакана куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Улуттук банктын алтын-валюта резерви бир айда 552 миллион долларга азайды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.Январдын аягында резервдердин көлөмү 10 млрд 177,2 миллион долларды түзсө, февралдын этегинде 9,6 миллиард долларга чейин азайган. Бул аралыкта дүйнөлүк рынокто алтындын баасы төмөндөп, Улуттук банк валюта рыногуна 272,5 миллион доллар саткан. Алтын-валюта резервдери сомдун курсунун туруктуулугун камсыз кылууга жардам берет.Кечээ "Манас" эл аралык аэропортуна Сауд Арабиясынан 142 кыргызстандыкты алып келген учак конду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.Буга чейин биринчи этап менен Кувейт, Бахрейн жана Катарда жүргөн мекендештер Эр-Риядга жеткирилгени айтылган болчу. Министрлик абал толук турукташканга чейин жогоруда аталган мамлекеттерге барбай турууну кайрадан эскертти.Белгилей кетсек, буга чейин Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жалпысынан 22 миңдей кыргызстандык бар экени айтылган.Эске салсак, февралдын соңунан тарта АКШ, Израилдин Иранга каршы соккуларынын алкагында Жакынкы Чыгышта абал курчуган. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабиясы, Оман, БАЭ менен эвакуациялык каттамдарды уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын кабарлаган.Президент Садыр Жапаров 14-мартта Эл аралык суу-мотор спорту союзунун президенти Раффаэле Чиуллини кабыл алды. Жолугушууда аталган спорт түрү боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана союздун колдоосу менен Кыргызстанда эл аралык мелдештерди өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Жыйынтыгында президент Садыр Жапаров жана Эл аралык суу-мотор спорту союзунун башчысы Раффаэле Чиулли Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлө турган UIM F1H20 суудагы Формула 1 Дүйнө кубогу Ысык-Көлдүн эбегейсиз туристтик мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүгө гана мүмкүндүк бербестен, улуттук брендди эл аралык аренада илгерилетүүнүн натыйжалуу куралы болоруна ишеним билдиришти.АКШ президенти Дональд Трамп мунайга байланышкан антироссиялык санкциялар кайтарыларын убадалады. Бул тууралуу ал NBC телеканалына маек куруп жатып билдирген. Ан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/10/1100243874_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ab863c65e3003fe5dec1810513d0c00f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио