Бакчиев Талантаалы Алымбекович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековБакчиев Талантаалы Алымбекович
Бакчиев Талантаалы Алымбекович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2021
Жазылуу
Талантаалы Бакчиев 1971-жылдын 2-декабрында Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Маман (Октябрь) айылында туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:
  • 1995-жылы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин аяктаган.
Эмгек жолу:
  • 1990-1991— СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн жоокери (РСФСР, Смоленск шаары – Эстон ССРи, Тарту шаары);
  • 1995-1996 — Ыбырай Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайында фольклор жана акындар поэзиясы сабактары боюнча мугалим;
  • 1996-1998 — Кыргызстан эл аралык университетинин Ысык-Көлдөгү филиалынын социалдык-гуманитардык кафедрасында кыргыз тилинин практикалык курсунун окутуучусу;
  • 1998-1999 — Кыргызстан эл аралык университетинин кыргыз жана орус тилдер кафедрасында кыргыз тилинин практикалык курсунун окутуучусу;
  • 1999-2005 — Борбордук Азиядагы Америка университетиндеги кыргыз этнология программасында кыргыз тилинин практикалык курсу жана манас таануу курстарынын окутуучусу;
  • 2005-2007 — Борбордук Азиядагы Америка университетиндеги кыргыз тили программасында профессордун ассистенти, кыргыз тилинин практикалык курсу жана манас таануу курстарынын окутуучусу;
  • 2007-2009 — Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетиндеги философия жана социалдык илимдер кафедрасында доценттин милдетин аткаруучу, манас таануу курсунун окутуучусу;
  • 2009-2015 — Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетиндеги философия жана социалдык илимдер кафедрасында доцент, манас таануу курсунун окутуучусу;
  • 2014-2015 — "Саякбай манасчы" коомдук фондунун директору;
  • 2014-жылдан тартып Манас таануучулардын эл аралык ассоциациясынын президенти;
  • 2015-2016 — "Саякбай манасчы" эл аралык коомдук фондунун илимий иштери боюнча вице-президенти;
  • 2015-2019 — "Тынчтыкты коргоо борбору" коомдук фондунун программалык кызматкери (салттуу маданияттын алып жүрүүчүсү катары);
  • 2019-2020 — Кыргыз экономикалык университетиндеги мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын профессору;
  • 2020-2021 (декабрь) — Кыргыз улуттук академиясынын президиумунун алдындагы терминологиялык сектордун башчысы;
  • 2021 (декабрь) — "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти.
Окумуштуулук даражасы:
  • филология илимдеринин кандидаты;
  • филология илимдеринин доктору;
  • адабият таануу адистиги боюнча доцент;
  • Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ардактуу профессору.
Үй-бүлөлүү, алты баланын атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0