Бекботоев Темирлан Сарымсакович — өмүр баяны
04:57 05.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / пресс-служба партии "Ыйман Нуру"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Ыйман Нуру" Темирлан Бекботоев
© Фото / пресс-служба партии "Ыйман Нуру"
Жазылуу
Темирлан Бекботоев 1983-жылдын 10-октябрында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:
- 2000-2005-жылдары Кыргыз мамлекеттик тоо-кен университетинде билим алган.
- 2007-2010-жылдары Москва шаарындагы Биринчи кесиптик университетинин юриспруденция факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
- 2005-2006 — КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик геология агенттигинин геологиялык жана экономикалык изилдөөлөрдүн кыргыз методикалык экспедициясында 1-категориядагы инженер;
- 2009-2012 — Москва шаарында "Мекенчил жаш" маалыматтык-аналитикалык гезитин негиздеген;
- 2012-2016 — "Мекенчил жаш" коомдук бирикмесинин жетекчиси, "Мекен инфо" маалыматтык-аналитикалык гезитинин башкы редактору;
- 2016-2019 — "Мекен үчүн" саясий партиясынын төрагасы;
- 2020-2021 — "Акжол ТТ Компани" мекемесинин башкы директору.