Муратбеков Табылды Муратбекович — өмүр баяны
02:23 05.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / пресс-служба партии "Ыйман Нуру"Муратбеков Табылды Муратбекович
© Фото / пресс-служба партии "Ыйман Нуру"
Жазылуу
Табылды Муратбеков 1994-жылдын 10-ноябрында Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:
- 2016-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн;
- 2016-2017-жылдары Кытай Эл Республикасындагы Син-Цзян педагогикалык университетинен билим алган.
- Эмгек жолу:
- 2013 — Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын интеграция институтунун "Студенттер илимий коомунун" төрагасы;
- 2014 — Work and Travel USA программасына катышып, Америка Кошмо Штатында тажрыйба топтоп келген;
- 2015-2016 — Кыргыз улуттук университетинин "Инсандык өнүгүү" студенттик клубунун негиздөөчүсү жана төрагасы;
- 2020-2021 — өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы;
Учурда Региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетектөөчү адиси.