Караев Мааданбек Адилбекович — өмүр баяны
06:01 04.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / Игорь КоваленкоКандидат в депутаты ЖК от партии "Ата Мекен" Мааданбек Караев
© Фото / Игорь Коваленко
Жазылуу
Мааданбек Караев 1971-жылы 19-февралда туулган. Ош айыл чарба техникумунда "айыл чарбасын механизациялоо", Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде "юриспруденция" адистигин бүткөн.
ТИМдин Дипломатиялык академиясында "эл аралык мамилелер" адистигин окуган, 2018-жылы ушул эле академияга аспирантурага тапшырган.
Эмгек жолу:
- 1990-1993 — Кара-Дарыя токой чарбасында техник-механик;
- 1993-1996 — Сузак райондук элдик билим берүү бөлүмүндө механик;
- 1996-2002 — Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Жалал-Абад облустук башкармалыгында инспектор;
- 2002-жылдан ушул кезге чейин "Золотой орех" ишканасынын директору;
- 2006-жылдан ушул кезге чейин "Ширин Сулайман" компаниясынын башкы директору;
- 2008 — "Жоме Асал" (Андижан, Өзбекстан) кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасынын директору;
- 2017-жылдан ушул кезге чейин "Натуральный продукт" (Барнаул, Россия) ишканасынын директору;
- 2018 — M-PRODUKT Россия-өзбек биргелешкен ишканасынын директору, "ИПАК ЕЛУ" кыргыз-өзбек биргелешкен соода үйүнүн директору.
Мааданбек Караев Кыргызстандын жаңгак өстүрүүчүлөр жана токойчулар ассоциациясынын башкармалыгынын башчысы болуп саналат.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.