Акматов Темирлан Рысбаевич — өмүр баяны
05:31 04.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / пресс-служба партии "Ыйман Нуру"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Ыйман Нуру" Темирлан Акматов
© Фото / пресс-служба партии "Ыйман Нуру"
Жазылуу
Темирлан Акматов 1982-жылдын 12-июнунда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бакыян айылында туулган.
Билими:
- 2005 — Бишкек шаарындагы музыкалык педагогикалык окуу жайын бүтүргөн;
- 2009 — Кыргыз билим берүү академиясын аяктаган;
- 201 — Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде философия илимдери боюнча аспирантураны бүтүргөн.
- Учурда Кыргыз-казак университетинде юриспруденция багыты боюнча билим алууда.
Эмгек жолу:
- 2006-2007 — "Эл Агартуу" журналында бөлүм башчы;
- 2007 — "Самих Ферсан" ЖЧКсынын директорунун орун басары;
- 2006-2018 — "Дил мүрөгү" адеп-ахлак жана маданият борборунун уюштуруу менеджери, "Манас Жаңырыгы", "Кыргызстан Жаштары" ЖМКларында иштеген;
- Учурда "Марва ТВ" каналындагы "Жаштар сүйлөсүн" программасынын продюсери, "Дил-Мүрөгү" коомдук кайрымдуулук фондунун директору.