Сайбиева Нуржамал Жолчуевна — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Альянс"Сайбиева Нуржамал Жолчуевна
Сайбиева Нуржамал Жолчуевна - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Жазылуу
Нуржамал Сайбиева 1977-жылы 6-майда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында туулган.
Жогорку билимдүү. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин "кыргыз тили жана адабият мугалими" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
  • 2006-2007 ― "Финка" микрокредиттик компаниясынын Баткен облусундагы филиалында кредиттик эксперт;
  • 2007-2009 ― "Финка" микрокредиттик компаниясынын Кадамжайдагы филиалында кредиттик эксперт;
  • 2009-2011 ― "Финка" микрокредиттик компаниясынын Кадамжайдагы филиалында улук-кредиттик эксперт;
  • 2011 ― "Мөл Булак Финанс" микрокредиттик компаниясынын Ош облусундагы башкармалыгында кредиттик кызматкер жана кредиттик менеджер;
  • 2011 ― "Мөл Булак Финанс" микрокредиттик компаниясынын Бишкек аймактык башкармалыгында кредиттик менеджер;
  • 2011-2012 ― "Мөл Булак Финанс" микрокредиттик компаниясынын Кызыл-Кыя филиалында кредиттик менеджер;
  • 2012-2015― "Мөл Булак Финанс" микрокредиттик компаниясынын Кадамжай филиалында кредиттик менеджер.
  • 2015-жылы "Мөл Булак Финанс" микрокредиттик компаниясынын Бишкектеги кеңсесинде ички аудит жана көзөмөлдөө боюнча менеджер;
  • 2015-2018 ― "Мөл Булак Финанс" микрокредиттик компаниясынын башкы кеңсесинде аймактык менеджер.
  • 2018-2021 ― "Мөл Булак Финанс" микрокредиттик компаниясынын Кадамжайдагы кеңсесинде аймактык менеджер.
Жаңылыктар түрмөгү
0