Айдаров Оросбек Бактыкеевич — өмүр баяны
04:01 04.11.2021 (Жаңыртылды: 12:24 21.01.2022)
© Фото / пресс-служба партии "Альянс"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Альянс" Оросбек Айдаров
© Фото / пресс-служба партии "Альянс"
Жазылуу
Оросбек Айдаров 1960-жылы 23-июлда Чүй облусунун Сокулук районунда туулган. Жогорку билимдүү. А.В. Луначарский атындагы театралдык искусство боюнча мамлекеттик институтта билим алып, драма театры жана кино актёру адистигине ээ болгон.
Эмгек жолу:
- 1996 ― Театр ишмерлеринин союзунда вице-президент;
- 1997-2000 ― Кыргыз мамлекеттик академиялык театрда директордун орун басары;
- 2000-2006 ― Улуттук телерадио компанияда эмгектенген, "Учур" жаштар телетеатрында директор, көркөм жетекчи болгон;
- 2007-2009 ― Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде министрдин орун басары;
- 2009-2010 ― Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын жетекчиси;
- 2010-жылдан тартып Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук көркөм театрында режиссёр, көркөм жетекчи катары эмгектенип келет.