Жамангулов Жоомарт Кубанбекович — өмүр баяны
03:42 04.11.2021 (Жаңыртылды: 12:24 21.01.2022)
© Фото / пресс-служба партии "Ыйман Нуру"Жамангулов Жоомарт Кубанбекович
© Фото / пресс-служба партии "Ыйман Нуру"
Жазылуу
Жоомарт Жамангулов 1992-жылы 1-декабрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:
- 2011-2016 — Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде финансы-кредит багыты боюнча билим алган;
- 2018-2019 — КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурада окуган;
- 2017-жылдан бери Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде "дене тарбия машыктыруучусу" адистиги боюнча окуйт.
Эмгек жолу:
- 2012 — Ысык-Көл облусунун Каратэ-до федерациясында машыктыруучу;
- 2019 — "Ысык-Көл жаштар биримдиги" коомдук фондунун жетекчиси;
- 2020-жылдан бери КР президентинин иш башкармалыгына караштуу "Нооруз" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары.
- 2011-жылы каратэ-до боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган.