Жетибаев Нуртазин Алымкулович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Альянс"Жетибаев Нуртазин Алымкулович
Жетибаев Нуртазин Алымкулович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Жазылуу
Нуртазин Жетибаев 1966-жылы 10-октябрда Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык институтунда билим алып, инженер-куруучу адистигине ээ болгон.
Эмгек жолу:
  • 1991 — "Пресс" чакан ишканасында мастер;
  • 1993-1994 — "Пресс" чакан ишканасында директор;
  • 1994-1995 — Чакан ишканалар бирикмесинин директорунун орун басары;
  • 1995-1998 — Чакан ишканалар бирикмесинде аткаруучу директор;
  • 1998-2003 — "Апросах" ЖЧКсында аткаруучу директор, кийин башкы директор;
  • 2003-2004 — "Байтик" курулуш компаниясында директор;
  • 2004-2006 — "Кыргыз алтын" ААКда "Адистештирилген курулуш-өндүрүш ишканасы" филиалынын башчысы;
  • 2008-2012 — Футбол федерациясында башкы катчы;
  • 2012-2015 — Башкы прокуратуранын иш башкармалыгынын башчысы;
  • 2016-2018 — "Мамлекеттик эмес соттук экспертизанын көз карандысыз борбору" мамлекеттик эмес соттук эксперттик уюмда директор;
  • 2019-2021 — Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу тобунда долбоордун инженери.
Учурда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси.
Жаңылыктар түрмөгү
0