Иманбекова Айнура Касымкуловна — өмүр баяны
01:41 04.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / пресс-служба партии "Альянс"Иманбекова Айнура Касымкуловна
© Фото / пресс-служба партии "Альянс"
Жазылуу
Айнура Иманбекова 1965-жылы 8-сентябрда Нарын облусуна караштуу Тянь-Шань районундагы Казан-Куйган айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтта билим алган.
Эмгек жолу:
- 1986-1989 ― Талас районунда мугалим;
- 1989-1990 ― "Арашан" совхозунда бала бакчада тарбиячы;
- 1990-1991― Кыргыз мамлекеттик университеттин Пржевальск шаарындагы филиалында лаборант;
- 1991-1992 ― Ысык-Көл мамлекеттик педагогикалык институтунда лаборант;
- 1992-1993 ― Ысык-Көл мамлекеттик институтунда лаборант;
- 1994-1998 ― "Кыргызстан" АКБнын корреспонденттик эсеп бөлүмүндө 1-категориядагы оператор, бөлүм адиси, башкы адис;
- 1999-2001 ― "Мигрант" кредиттик бирикмесинде башкаруучулуктун төрайымы;
- 2001-жылдан бери кредиттик бирикменин Чүй ассоциациясында, Кыргызстан кредиттик бирикме ассоциациясында жана Кыргызстандын кооператив бирикмесинде башкаруучулуктун төрайымы.