Кудайбергенов Кубанычбек Молдокматович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Альянс"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Альянс" Кубанычбек Кудайбергенов
Кандидат в депутаты ЖК от партии Альянс Кубанычбек Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Жазылуу
Кубанычбек Кудайбергенов 1964-жылдын 28-апрелинде Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясында билим алган.
Эмгек жолу:
  • 1985 — курулуш ишканасында слесарь;
  • 1988-1996 — Фрунзедеги үй куруу бирикмесинде, "Азат" корпорациясында слесарь, уста;
  • 1996 — Нарын облусундагы элдик депутаттар кеңешинде башкы адис;
  • 1996-1997 — Нарын облустук мамлекеттик администрациясында губернатордун жардамчысы;
  • 1999-2001 — Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында акимдин орун басары;
  • 2001-2004 — Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик комиссиянын административдик имаратын эксплуатациялоо боюнча дирекциянын директору;
  • 2004-2008 — КР президентинин иш башкармалыгынын алдында Мамлекеттик администрацияларды пайдалануу боюнча борбордо директор;
  • 2009 — "Тоокен" ЖЧКсында директор;
  • 2009-2010 — КР өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикте директордун кеңешчиси;
  • 2010-2012 — КР президентинин иш башкармалыгына караштуу Курулуш, инвестиция жана соода башкармалыгы мамлекеттик ишканасында бөлүм башчы;
  • 2012-2014 — КР президентинин иш башкармасынын Автотранспорт бирикмеси мамлекеттик ишканасында директор.
Жаңылыктар түрмөгү
0