Журабаева Гүлнар Курашбековна — өмүр баяны
06:04 03.11.2021 (Жаңыртылды: 12:24 21.01.2022)
© Фото / из личного архива Гульнары ДжурабаевойКандидат в депутаты ЖК от партии "Ата Мекен" Гульнар Джурабаева
![Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата Мекен Гульнар Джурабаева Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата Мекен Гульнар Джурабаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/0b/03/1054466271_0:58:1080:666_1920x0_80_0_0_3faa36d5a03b62506ddd92120dedf5ae.jpg)
© Фото / из личного архива Гульнары Джурабаевой
Жазылуу
Гүлнар Журабаева 1959-жылдын 9-февралында туулган. 1981-жылы С. Киров атындагы Казак мамлекеттик институтунун философия факультетин жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик институтунун финансы жана кредит факультетин аяктаган.
1985-1990-жылдары Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия боюнча аспирантурасында окуган;
Эмгек жолу:
- 1981-1985 — Шымкент педагогикалык институтунда мугалим;
- 1990 — Кыргыз мамлекеттик университетинин культурология кафедрасынын ага окутуучусу;
- 1996-2003 — Евразиялык экономикалык жамааттын Парламенттер аралык ассамблеясынын катчылыгынын социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын катчылыгынын кеӊешчиси;
- 2008-2011 — "Интербилим" эл аралык борбордун долбоорунун координатору;
- 2011–2021 — Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү;
- 2021 — "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү.
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси" класстык чини бар.