Камалов Эрлан Токтоназарович — өмүр баяны
01:14 02.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / пресс-служба партии "Ыйман Нуру"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Ыйман Нуру" Эрлан Камалов
© Фото / пресс-служба партии "Ыйман Нуру"
Жазылуу
Эрлан Камалов 1978-жылы 13-апрелде Ош шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Ош технологиялык университетинин финансы-экономика факультетинде окуган.
Эмгек жолу:
- 1998-жылы Кыргыз улуттук университетинин Ош филиалында экономика кафедрасында окутуучу;
- 2000-2003 — Ош мамлекеттик университетинин менеджмент жана бизнес факультетинин деканынын орун басары;
- 2003-2009 — Ош мамлекеттик университетинин улук окутуучусу, экономика жана салыктар кафедрасынын жетекчиси;
- 2014-2015 — Ош мамлекеттик университетинин магистратура департаментинин директору;
- 2015-2016 — Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы, декан;
- 2018-2020 — Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдыгын уюштуруу комитетинин башчысы, эл аралык мамилелер кафедрасынын доценти;
Учурда аталган окуу жайдын улуттук жана эл аралык рейтингдер кафедрасынын башчысы.