Сулайманов Максатбек Жолдошбекович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Альянс"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Альянс" Максатбек Сулайманов
Кандидат в депутаты ЖК от партии Альянс Максатбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Жазылуу
Максатбек Сулайманов 1989-жылы 1-апрелде Нарын облусунун Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде Каржылык башкаруу адистиги боюнча билим алган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетинде окуган.
Эмгек жолу:
  • 2011-2012 — Социалдык фонддун Мамлекеттик сатып алуу жана чарбалык жактан камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
  • 2012-2015 — Социалдык фонддун Кирешелер башкармалыгынын төлөөчүлөр менен иш алып баруу бөлүмүндө жетектөөчү адис;
  • 2015-2016 — Социалдык фонддун Жеке жактар менен иш алып баруу секторунун башкы адиси;
  • 2016-2019 — Социалдык фонддун төрагасынын жардамчысы;
  • 2019-2021 — Социалдык фонддун Свердлов райондук башкармалыгынын башчысы;
Жаңылыктар түрмөгү
0