Мойдинов Каныбек Тажидинович — өмүр баяны
03:47 01.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / Игорь КоваленкоКандидат в депутаты ЖК от партии "Ата Мекен" Каныбек Мойдинов
© Фото / Игорь Коваленко
Жазылуу
Каныбек Мойдинов 1980-жылы 25-июлда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Беш-Бадам айылында туулган.
- 1997-жылы Кыргыз улуттук университетинде география жана экология факультетине тапшырып, 2002-жылы аяктаган.
- 2011-2014-жылдары Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин сырттан окуган.
Эмгек жолу:
- 2005-2009 — "Кыргыз айыл техсервис" компаниясынын түштүк регионундагы лизингдик төлөмдөрдү өндүрүү боюнча менеджер;
- 2009 — Миграция жана иш менен камсыз кылуу комитетинин Базар-Коргон районундагы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- 2013-2016 — Миграция жана иш менен камсыз кылуу комитетинин Базар-Коргон районундагы бөлүмүнүн жетекчиси;
- 2016-жылдан ушул кезге чейин Базар-Коргон райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;
- 2021 — "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү.