Акматова Венера Сайпидиновна — өмүр баяны
00:59 01.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / пресс-служба партии партии "Ата Мекен"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Ата Мекен" Венера Акматова
© Фото / пресс-служба партии партии "Ата Мекен"
Жазылуу
Венера Акматова 1972-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Алма айылында туулган.
- 1995-жылы Кыргыз улуттук университетинде филолог, кыргыз тил мугалими адистигин бүткөн.
- 1995-1998 — Бишкек гуманитардык университетинде түркология факультетинде аспирант. Филология илимдеринин доктору.
Эмгек жолу:
- 1999-2001 — Бишкек гуманитардык университетинде мугалим;
- 2001-2002 — Бишкек гуманитардык университетинин түркология факультетинде окуу иштери боюнча декандын орун басары;
- 2003 — Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз адибияты кафедрасынын башчысы;
- 2006 — Бишкек гуманитардык университетинин түркология факультетинде кафедра башчысы;
- 2008-2011 — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, Укук тармагына мамлекеттик тилди киргизүү жана өнүктүрүү борборунун директору;
- 2009-2015 — Кыргыз-түрк "Манас" университетинин түркология бөлүмүнүн доценти;
- 2012-2017 — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун доценти;
- 2017-2020 — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин манас таануу жана культурология кафедрасынын башчысы;
- 2020-2021 — Кыргыз улуттук университетинин манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу;
- 2021 — "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү