Эрбол Султанбаев — өмүр баяны
15:43 18.05.2021 (Жаңыртылды: 12:24 21.01.2022)
Жазылуу
Эрбол Султанбаевдин өмүр баяны жана эмгек жолу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымал" рубрикасынан таанышууга болот.
Эрбол Султанбаев 1991-жылы 10-августта туулган.
Билими:
- 2008-2013 — Кыргыз-Россия Славян университетинин экономика багытындагы дипломуна ээ болгон;
- 2013-2016 — КР өкмөтүнүн алдындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын магистратурасын аяктаган;
- 2014-2015 — Россия мамлекеттик академиясынын "Интеллектуалдык менчик. Патенттөө" бөлүмүн артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
Эмгек жолу:
- 2013-2015 — КР өкмөтүнүн алдындагы Кыргызпатенттин басма сөз катчысы;
- 2015-2015 (июль) — КР өкмөтүнүн алдындагы Кыргызпатенттин төрагасынын жардамчысы;
- 2015-2016 (апрель) — КР өкмөтүнүн алдындагы Кыргызпатенттин инновация бөлүмүнүн башчысы;
- 2015-2016 (апрель) — президенттик аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү;
- 2016-2016 (ноябрь) — президенттик аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;
- 2016-2016 (декабрь) — КР президенттик аппараттын финансы жана насыя бөлүмүнүн эксперти;
- 2016-2017 (сентябрь) — КР президенттик аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;
- 2017-2017 (ноябрь) — КР президенттик аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
- 2017-2018 (май) — КР президенттик аппараттын ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн эксперти;
- 2018-2019 (май) — КР президенттик аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;
- 2019-2020 (январь) — КР президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн аналитика секторунун эксперти;
- 2020-2021 (май) — КР президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
- 2021 (май) — КР президентинин маалымат катчысы болуп дайындалды.
Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.