Нарынга комендант болгон Уланбек Аалиевдин өмүр баяны

© Фото / пресс-служба УВД Нарынской областиНарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев
Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уланбек Аалиев 1974-жылы 30-майда Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолу

  • 1997 — Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинде аймактык тескөөчү;
  • 2000 — Свердлов РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүндө ыйгарым укуктуу өкүлү. Андан соң ага ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген;
  • 2003 — Чүй облусунун Жайыл РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы;
  • 2004-2007 — Чүй облусунун Жайыл РИИБнин башчысынын орун басары;
  • 2007-2008 — ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын (УККББ) бөлүм башчысы;
  • 2008-2011 — Кемин РИИБнин башчысынын орун басары;
  • 2011-2013 — Чүй ОИИББнин УККББнын башчысы;
  • 2013-2014 — ИИМдин УККББнын бөлүм башчысы;
  • 2014-2016 — ИИМдин УККББнын Ош шаары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары;
  • 2016-2017 — Чүй ОИИББнин башчысынын орун басары;
  • 2017-жылдын декабрынан тарта Нарын ОИИББдин башчысы.
  • 2020-жылы 14-апрелден тарта өзгөчө абал киргизилген Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты.

Даңк медалы менен сыйланган.

Милициянын полковниги наамы бар.

Үй-бүлөлүү. Беш баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0