Жайнак Үсөн уулу — өмүр баяны

© Sputnik / Максат ЭлебесовЖайнак Үсөн уулу
Жайнак Үсөн уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жайнак Үсөн уулунун өмүр баянын Sputnik Кыргызстан агенттигинин таржымалынан окуңуздар.

Жайнак Үсөн уулу Нарын шаарында төрөлгөн.

Билими:

  • 1992 — Нарын шаарындагы Чкалов атындагы орто мектебинде окуган;
  • 1996 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган;
  • 1998 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин финансы жана кредит факультетин бүтүргөн.
  • 2008 — Москвадагы "МИРБИС" жогорку бизнес мектебинен магистратураны аяктаган.

Иш тажрыйбасы:

  • 06.04.2015 — 03.2018 — НТС телерадиокомпаниясынын башкы директору;
  • 10.2011 – 12.2014 — "Мол булак финанс" ишканасынын Россиядагы, Тажикстандагы, Азербайжандагы жана Кыргызстандагы башкы директорунун орун басары;
  • 04.2011 – 10.2011 — FINCA/Африка-Уганда. Операциялык директордун орун басары. Группалык каржылоого өзгөртүү киргизүү боюнча жетекчи. Кампала, Уганда;
  • 03.2009 – 04.2011 — "ФИНКА-Россия" ЖАКы. Поволжье регионунун операциялык директору. Казань, Россия;
  • 01.2007 – 03.2009 — "ФИНКА-Россия" ЖАКы. Самарадагы бөлүмүнүн башкаруучусу. Самара, Россия;
  • 12.2005 – 12.2006 — "ФИНКА МКК" ЖАКынын ("ФИНКА банк") Чүй аймагындагы жана Токмок менен Кара-Балтадагы өкүлчүлүгүндө жеке насыя берүү бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 11.2001 – 08.2005 — "ФИНКА", Кыргызстан, Ош, жеке насыя берүү бөлүмүнүн ага жетекчиси;
  • 04.2000 11.2001 — "ФИНКА", Кыргызстан, Ош, жеке насыя берүү бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 05.1999 – 04.2000 — "ФИНКА", Кыргызстан, Ош, насыя берүү бөлүмүндө кызматкер.
  • 2019-жылдын 6-мартында Коомдук телерадиокорпорациясынын Байкоочу кеңеши КТРКнын башкы директорлугуна шайлаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0