Кадырбердиев Абибилла Набидинович — өмүр баян

© Фото / пресс-служба ДУМК КРПредседатель Совета Улемов мусульман КР Абибилла ажы Кадырбердиев
Председатель Совета Улемов мусульман КР Абибилла ажы Кадырбердиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадырбердиев 1977-жылдын 19-декабрында Баткен облусундагы Кадамжай районуна караштуу Жаңы-Жер айылында туулган.

 1996-жылы Совет айылындагы №72 Кесиптик-техникалык окуу жайында билим алып, "көркөм кооздоочу" адистигине ээ болгон.  2003-2007-жылдары Кадамжай районуна караштуу Өрүкзар айылындагы "Азирети Усман" атындагы медреседе окуган.

Эмгек жолу:

1998-1997 — 2004-жылга чейин Жаңы-Жер айылындагы №28 Абдрахманов атындагы орто мектебинде көркөм өнөр жана черчение сабактары боюнча мугалим болуп эмгектенген;

2007-2009 — "Азирети Усман" медресесинде мүдүрдүн орун басары;

2009-2010 —Жаңы-Жер айылындагы "Имам Аьзам" атындагы мечитте имам;

2010-2015 — Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы "Имам Аьзам" медреседе баш мударис;

2013-2016 — Жаңы-Жер айылындагы жаңы "Алхаади" атындагы мечитте имам хатиб;

2014-2015 — Баткен облустук казыятында фатва бөлүмүнүн башчысы;

2014-жылдын 4-мартынан бери КРдин Аалымдар кеңешинин мүчөсү;

2015-жыл декабрь — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн кызматкери.

2016-жыл, ноябрь — 2017-жыл, апрель — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын үгүт-насаат, жаштар жана түрдүү агымдар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси;

2017-жыл 3-апрель — Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси.

2019-жылдын 19-февралынан тарта Аалымдар кеңешинин төрагасы.

Учурда Жалал-Абад шаарындагы Канболот Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит факультетинин тыштан окуу бөлүмүндө 4-курста билим алууда.

Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0