Мушкер грек-рим күрөшү боюнча 2013-жылы Кыргызстандын чемпиону аталган.
- 2010 — Кытайда өткөн Азия оюндарында экинчи орунду алган;
- 2010 — Индияда өткөн Азия чемпионатында коло медалга ээ болгон;
- 2012 — Түштүк Кореяда өткөн Азия чемпионатында коло медаль тагынган;
- 2012 — Казакстандын президентинин эл аралык III турниринин кубогунда үчүнчү орун алган;
- 2008 — Стамбулда күрөш боюнча студенттер арасында өткөн дүйнөлүк чемпионатта алтын алган;
- 2008 — Доха шаарында өткөн юниорлор арасындагы дүйнө чемпионатында биринчи орунду ээлеген;
- 2009 — Анкарада күрөш боюнча өткөн студенттер арасындагы дүйнөлүк чемпионатта коло медалга ээ болгон;
- 2013 — Индияда өткөн Азия чемпионатында үчүнчү орунду ээлеген;
- 2013 — Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатында алтын алган;
- 2014 — Венгриянын Печ шаарында өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган;
- 2014 — Астанада өткөн Азия чемпионатында коло медалга ээ болгон;
- 2017 — Бакуда өткөн IV Ислам тилектештик оюндарында биринчи орунду алып, алтын медаль тагынган.