12 жаштан тарта эркин күрөш менен машыгып келет. 2010-жылы Кыргызстандын курама командасына кирүүгө чакыруу алганга чейин Россиянын атынан чыгып жүргөн. 2011-жылдан тарта Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук командасынын мүчөсү.
Ийгиликтери:
- 2011 — Азиянын чемпиону (Түштүк Корея)
- 2012 — Жайкы Олимпиадага катышкан (Лондон)
- 2013— Интерконтиненталдык кубокто 3-орунду алган (Россия)
- 2014 — Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Казакстан)
- 2014 — Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси (Южная Корея)
- 2015 — Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Катар)
- 2015— Интерконтиненталдык кубокто 3-орунду алган (Россия)
- 2016—Азия чемпионатынын ээси (Таиланд)
Март 2016 — Рио-де-Жанейродо өтө турган XXXI Олимпиада оюндарына катышууга лицензия алган
97 килограмм салмакка чейинки категорияда күрөшүп келет. Эл аралык спорттун чебери.