https://sputnik.kg/20251213/1098549306.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан саркынды сууну тазалоо технологиясын иштеп чыккан КМШ жаштары менен иштешүүгө даяр. Бул тууралуу Москвада өткөн жаш окумуштуулардын көргөзмөсүнө... 13.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-13T11:00+0600
2025-12-13T11:00+0600
2025-12-13T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/0d/1098549140_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f190b0d813a80d0f5d715ba7a29a525e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан саркынды сууну тазалоо технологиясын иштеп чыккан КМШ жаштары менен иштешүүгө даяр. Бул тууралуу Москвада өткөн жаш окумуштуулардын көргөзмөсүнө катышкан минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Ал аталган иш-чарага Москвага жасаган жумушчу сапарынын алкагында катышкан. Сегиз өлкөнүн өкүлүнөн түзүлгөн эл аралык команда “Таза технологиялар” долбоорун сунушташты. Доклад жасаган кыргызстандык Азамат Календеров саркынды сууларды тазалоо менен 2028-жылга карата Борбор Азия өлкөлөрүндөгү суунун тартыштыгын дээрлик төрт эсеге кыскартса болорун белгиледи. Касымалиев изилдөөчүлөрдү колдоп, Кыргызстан алар менен иштешүүгө даяр экенин белгиледи.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2026-жылга карата инвестициялык бюджетин бекитти. Бул тууралуу каржы мекемесинен билдиришти. Маалыматка караганда, фонддун XXI жыйыны өтүп, жаңы долбоорлорду каржылоого 200 миллион доллардан ашуун каражат бөлүү чечими кабыл алынган. "100 млн доллардан ашык сумма өлкө экономикасы үчүн маанилүү болгон сырьё менен материалдарды Россиядан алып келүү боюнча долбоорлорго жумшалат. Бул демилгелер өлкөнүн өндүрүштүк базасын бекемдөөгө, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга жана ички өндүрүштү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, фонддун кийинки жылга бекиген бюджети Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду иштеп баштагандан берки рекорддук сумма экени белгиленди.
Бишкекте 43 миң доллар алдап алган “көзү ачык” кармалды. Шектүү жабырлануучунун “жолун ачып берүүнү” убадалаган. Ар кандай ырым-жырымдарды жасап, аялдан акчаны көрүстөндөргө калтырууну талап кылып, жип, ийне, карта, шам сыяктуу буюмдарды колдонгон. Бишкек тургуну акчаны быйыл май айынан октябрь айына чейин бөлүп-бөлүп берип турган. Шектүүнүн айтымында, акчалар көрүстөндө бир нече жолу көмүлгөн. “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголуп, милиция шектүүдөн жабыркагандар болсо укук коргоо органдарына кайрылууну суранды.
Украинанын Коопсуздук кызматы эл көп чогулган жерге ууландыруучу, дүрбөлөңгө түшүрө турган бомбанын үлгүсүн жасап чыкты. Бул туурасында радиациялык, химиялык жана биологиялык кооптуулуктардан коргонуу боюнча аскердик күчтөрдүн башчысы Алексей Ртищев айтканын РИА Новости жазды. "Даярдык багыттарынын бири — радиация чыгара турган буюмдарды уурдоо, жардыруучу түзүлүштү жасоо жана аны адамдар көп чогулган жерде жардыруучу ыкмаларды иштеп чыгуу", — деди ал каршылаштардын окутуу ыкмасы туурасында айтып жатып. Ал бомба радиоактивдүү изотоптор салынган контейнерден жана жардыруучу заттын дүрмөтүнөн турат. Ал иштеп кеткенде контейнер талкаланып, ичиндеги кооптуу зат толкун аркылуу айлана-чөйрөгө чачырайт да, кеңири аймактардын улуу зат менен булганышына алып келет.
Кыргызстан саркынды сууну тазалоо технологиясын иштеп чыккан КМШ жаштары менен иштешүүгө даяр. Бул тууралуу Москвада өткөн жаш окумуштуулардын көргөзмөсүнө катышкан минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Ал аталган иш-чарага Москвага жасаган жумушчу сапарынын алкагында катышкан. Сегиз өлкөнүн өкүлүнөн түзүлгөн эл аралык команда “Таза технологиялар” долбоорун сунушташты. Доклад жасаган кыргызстандык Азамат Календеров саркынды сууларды тазалоо менен 2028-жылга карата Борбор Азия өлкөлөрүндөгү суунун тартыштыгын дээрлик төрт эсеге кыскартса болорун белгиледи. Касымалиев изилдөөчүлөрдү колдоп, Кыргызстан алар менен иштешүүгө даяр экенин белгиледи.Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2026-жылга карата инвестициялык бюджетин бекитти. Бул тууралуу каржы мекемесинен билдиришти. Маалыматка караганда, фонддун XXI жыйыны өтүп, жаңы долбоорлорду каржылоого 200 миллион доллардан ашуун каражат бөлүү чечими кабыл алынган. "100 млн доллардан ашык сумма өлкө экономикасы үчүн маанилүү болгон сырьё менен материалдарды Россиядан алып келүү боюнча долбоорлорго жумшалат. Бул демилгелер өлкөнүн өндүрүштүк базасын бекемдөөгө, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга жана ички өндүрүштү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, фонддун кийинки жылга бекиген бюджети Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду иштеп баштагандан берки рекорддук сумма экени белгиленди.Бишкекте 43 миң доллар алдап алган “көзү ачык” кармалды. Шектүү жабырлануучунун “жолун ачып берүүнү” убадалаган. Ар кандай ырым-жырымдарды жасап, аялдан акчаны көрүстөндөргө калтырууну талап кылып, жип, ийне, карта, шам сыяктуу буюмдарды колдонгон. Бишкек тургуну акчаны быйыл май айынан октябрь айына чейин бөлүп-бөлүп берип турган. Шектүүнүн айтымында, акчалар көрүстөндө бир нече жолу көмүлгөн. “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголуп, милиция шектүүдөн жабыркагандар болсо укук коргоо органдарына кайрылууну суранды.Украинанын Коопсуздук кызматы эл көп чогулган жерге ууландыруучу, дүрбөлөңгө түшүрө турган бомбанын үлгүсүн жасап чыкты. Бул туурасында радиациялык, химиялык жана биологиялык кооптуулуктардан коргонуу боюнча аскердик күчтөрдүн башчысы Алексей Ртищев айтканын РИА Новости жазды. "Даярдык багыттарынын бири — радиация чыгара турган буюмдарды уурдоо, жардыруучу түзүлүштү жасоо жана аны адамдар көп чогулган жерде жардыруучу ыкмаларды иштеп чыгуу", — деди ал каршылаштардын окутуу ыкмасы туурасында айтып жатып. Ал бомба радиоактивдүү изотоптор салынган контейнерден жана жардыруучу заттын дүрмөтүнөн турат. Ал иштеп кеткенде контейнер талкаланып, ичиндеги кооптуу зат толкун аркылуу айлана-чөйрөгө чачырайт да, кеңири аймактардын улуу зат менен булганышына алып келет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/0d/1098549140_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6de8e639ccb9a7fa539ac7aa8e1bd3b8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио