00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Между строк
Почему Хоссейни читают миллионы: разговор о двух самых сильных романах автора
18:07
35 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаровдун 11-12-декабрда Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады. Президент Садыр Жапаровду аэропорттон Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Ошол эле жерде, аэропортто, президент Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Андан соң президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен тет-а-тет форматында жолугушуусу болду. Кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын эки жана көп тараптуу форматтагы актуалдуу маселелери талкууланды. Экинчи күнү мамлекет башчысы Ашхабад шаарындагы Бейтараптык монументине гүл коюу салтанаттуу аземине катышты. Андан соң ал Тынчтык жана ишеним эл аралык жылына, Бейтараптык эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган "Тынчтык жана ишеним: туруктуу келечек үчүн максаттардын биримдиги" аттуу эл аралык форумга катышты. Ошол эле жерде башка мамлекет башчылары менен катар президент Садыр Жапаров форумда сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө биздин өлкөлөрдүн алдында жалпы милдет турганын – биргелешип тынчтыкты чыңдоо, чыр-чатактарды алдын алуу жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, ал Кыргызстан туруктуулукту чыңдоого багытталган эл аралык аракеттерди дайыма колдой турганын ырастады. Ошентип, президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапарын аяктап, 12-декабрда Бишкек шаарына кайтты.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек арада зым тартылгандан кийин видеокамераларды орнотууну тапшырганын атайын кызматтан билдиришти. Аткаминер кечээ, 12-декабрда, Баткен облусундагы Кыргызстан — Өзбекстан — Тажикстандын мамлекеттик чек аралары бириккен аймакта орнотулган стелага барып, чек арадагы зым тосмолордун сапатын текшерген."Зымдарды тартып бүткөндөн кийин бардык чек ара тилкелеринин көрүнүктүү-көрүнүктүү жерлерине видеокамараларды орнотобуз. Дайыма басып жүрө бербей чек арадагы абалды ошондон эле карап тургудай бололу. Андан тышкары, тартылган зымды бойлото сөзсүз жол салынышы керек", — деген Ташиев. Белгилей кетсек, учурда Тажикстан менен болгон чек аранын 80 пайызына зым тартылып бүткөн. Толугу менен кийинки жылы бүтмөкчү.
АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф апта соңунда Владимир Зеленский жана Европа лидерлери менен Украинадагы абалды жөнгө салууну талкуулоо үчүн Берлинде жолугат. Бул тууралуу Wall Street Journal өзүнүн булактарына таянуу менен жазды. Маалымат бергендердин айтымында, жолугушууга Франция президенти Эммануэль Макрон, Улуу Британиянын премьери Кир Стармер жана Германия канцлери Фридрих Мерц катышат. Wall Street Journal шаршемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп Евро Биримдиктин лидерлери менен телефондон катуу сүйлөшкөнүн жазды. Ал европалык өнөктөштөрүн Зеленскийди Вашингтон сунуштаган тынчтык планына макул болууга ынандырууга чакырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0